25-берене. Жергиликтүү соттордун тутуму
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · III БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217
1. Жергиликтүү соттордун тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) биринчи инстанциядагы соттор (райондук соттор, шаардагы райондук соттор, шаардык соттор, административдик соттор);
2) экинчи инстанциядагы соттор (облустук соттор, Бишкек шаардык соту).
2. Жергиликтүү сотторду түзүү, кайра түзүү жана жоюу, жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүү мыйзам менен гана жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү сотторду жоюуда, алардын карамагына берилген сот адилеттигин жүзөгө ашыруу маселелери башка соттордун юрисдикциясына берилет. Жоюлган соттордун судьяларынын штаттык бирдиктери башка сотторго берилет, ал эми судьялар аларга ротациялоо тартибинде которулат.
3. Жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүүгө Судьялар кеңешинин сунушу боюнча гана жол берилет.
(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1279/st-25" title="25-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>