22-берене. Жогорку Сотунун судьясы
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · II БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 июня 2011 года № 39
Жогорку Сотунун судьясы:
1) Жогорку Сотунун сот жыйналыштарына катышат;
2) автоматташтырылган бөлүштүрүү жолу менен келип түшкөн соттук иштерди жана материалдарды баяндайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча алар боюнча сот актыларын даярдайт;
21) автоматташтырылган тутум бузук болгон учурда Жогорку Соттун төрагасынын же анын орун басарларынын тапшырмасы боюнча сот иштерин жана материалдарды баяндайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча алар боюнча сот актыларын даярдайт;
3) сот тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, соттук статистиканы талдайт;
4) Жогорку Сотунун төрагасынын же анын орун басарынын тапшыруусу боюнча сот жыйналыштарында төрагалык кылат;
5) сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июня 2008 года № 134 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
13.06.2011 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун сот жыйналыштарына каты-
шат;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын же анын
орунбасарларынын тапшыруусу боюнча сот иштеринде баяндама жасайт жана
аларды кароонун натыйжалары боюнча сот актыларын даярдайт;
3) сот тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын же анын
орунбасарларынын тапшыруусу боюнча сот жыйналыштарында төрагалык кылат;
5) жарандарды кабыл алат, сот өндүрүшүндө турган иштер жана мате-
риалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуш-
тарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым
укуктарды жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1279/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>