21-берене. Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · II БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 июня 2011 года № 39
Жогорку Сотунун төрагасынын орунбасары судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:
1) сот жыйналыштарында төрагалык кылат;
2) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, Жогорку соттун төрагасынын тапшырмасы боюнча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;
3) Жогорку Соттун төрагасы жок учурда анын тапшырмасы боюнча Жогорку Соттун төрагасынын укуктарын жана милдеттерин аткарат, эгер мындай тапшырманы берүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, Жогорку Соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүктөө жөнүндө чечимди судьялар жыйналышы чыгарат;
4) милдеттердин бөлүштүрүлгөнүнө ылайык, соттук коллегиялардын жумушун уюштурат, ошондой эле Жогорку соттун аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
5) сот статистикасын жүргүзүү, сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо боюнча ишти уюштурат;
6) тиешелүү документтерди Жогорку Сотунун Пленумунда кароо үчүн алардын судьялар тарабынан даярдалышын камсыз кылат;
7) Жогорку Сотунун Пленумуна соттук коллегиялардын иши жөнүндө маалымат берет;
8) жарандарды кабыл алат, сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июня 2008 года № 134 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
13.06.2011 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын
орун басары (коллегиянын төрагасы)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын орунбасары
(коллегиянын төрагасы) судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин
аткаруу менен катар:
1) сот жыйналыштарында төрагалык кылат;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын тапшыруусу
боюнча сот иштерин, материалдарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту-
нун тиешелүү соттук коллегиясынын судьяларына бөлүштүрөт, иштерди кароо
үчүн соттук курамдарды түзөт;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы жана анын би-
ринчи орунбасары жок кезде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төра-
гасынын укуктарын жана милдеттерин мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө
ашырат;
4) милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку
Сотунун аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине жетекчилик кылат;
5) сот статистикасын жүргүзүү, сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпы-
лоо боюнча ишти уюштурат;
6) тиешелүү документтерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун
пленумунда кароо үчүн алардын судьялар тарабынан даярдалышын камсыз кы-
лат;
7) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленумуна соттук колле-
гиялардын иши жөнүндө маалымат берет;
8) жарандарды кабыл алат, сот өндүрүшүндө турган иштер жана мате-
риалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуш-
тарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым
укуктарды жүзөгө ашырат.
2008-жылдын 23-июнундагы № 134
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1279/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>