Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 6-ноябры № 525 "Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 88-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"12-1) пробация чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын;";
2) 90-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"жашы жете элекке карата пробациялык баяндама даярдоонун;". 2-берене. "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- коомдон обочолонтуу менен байланышпаган кылмыштык жазалар жана жазыктык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган адамдар (мындан ары - пробация кардарлары);";
2) 7-статьясынын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде белгиленген реабилитациялык борборлор (социалдык жатаканалар);";
3) 11-статьясынын сегизинчи абзацы "зомбулукка дуушар болгондор" деген сөздөрдөн кийин ", пробация кардарлары" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 18-статьясынын 1-бөлүгү "жашы жете элек укук бузуучуларга," деген сөздөрдөн кийин "пробация кардарларына" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 18-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын: "24-1) пробация органдарына күндөлүк милдеттерди чечүүдө жана пробациянын конкреттүү иш-чараларын аткарууда көмөк көрсөтүү.". 4-берене. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 9-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 8-3-пункт менен толукталсын: "8-3) Пробация боюнча кеңештин ишин уюштурат;". 5-берене. "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1017-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 11-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын: "4-1) пробация кардарлары;". 6-берене. "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2017-жылдын 17-майы, № 60-61) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 5-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын: "16-1) пробация;". 7-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 24-январындагы № 2861-VI "Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.01.2019 · № 2861-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 7-мартындагы № 2948-VI "Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 07.03.2019 · № 2948-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-мартындагы № 2963-VI "Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 20.03.2019 · № 2963-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (9)
- Пробация жөнүндөЗакон · 24.02.2017 · № 34
- Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөЗакон · 03.08.2015 · № 214
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөЗакон · 28.04.2017 · № 70
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон