Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2008-жылдын 16-августу № 463 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги N 217 токтомуна ылайык, баалоо иш-аракеттери тармагында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы N 169 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 7-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Баалоочу уюмду же жеке баалоочуну (мындан ары - баалоочу) тартууда белгиленген тартипте келишим түзүлөт. Мында баалоочу жүргүзүлүүчү баалоонун тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн толук жоопкерчилик тартат. Эгерде, Менчиктештирүү боюнча комиссиянын пикири боюнча мамлекеттик ишкана аны акционерлештирүүгө чейин кандайдыр бир кайра түзүүгө муктаж болсо Менчиктештирүү боюнча комиссия аларды Маммүлкком бекиткенден кийин колдонулуучу, мамлекеттик ишкананы кайра түзүү (кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү, кайра уюштуруу) боюнча сунушту иштеп чыгат жана Маммүлккомдун кароосуна киргизет.";
- 8-пунктта:
экинчи абзац алып салынсын; үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Менчиктештирүү боюнча комиссия мамлекеттик ишкананын мүлкүн инвентаризациялоо документтерине жана финансылык отчетуна талдоо жүргүзөт; ишкананын финансы-экономикалык абалына жана ишине талдоо жүргүзөт; мамлекеттик ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн акционердик коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн аныктайт. Эгерде ишкананы инвентаризациялоо документтерин текшерүүдө негизги жана жүгүртүү каражаттарын жашыруунун фактылары аныкталса, анда ошол жашырылган жана жүгүртүү каражаттарынын наркы баалануучу мүлктүн жалпы наркына киргизилет. Ишкананын негизги фонддорунан же салымдарынан (берүүлөрдөн) каражаттардын жана башка активдердин негизсиз чыгып калуу фактылары аныкталган учурда Менчиктештирүү боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте компетенттүү органдарга материалдарды берет. Берилген документтердин, анын ичинде бухгалтердик отчеттун жана инвентаризациялоонун формалары менен маалыматтарынын тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик кайра түзүлүүчү ишкананын жетекчилигине жүктөлөт.".
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 токтому менен…Положение · 26.03.2003 · № 169
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 "Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартибинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2026 · № 266
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.03.2003 · № 143 · Күчүн жоготкон
- Методические рекомендации по оценке стоимости имущества объектов приватизации (Утверждены постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2003 года № 143)Рекомендация · 19.03.2003 · № 143 · Күчүн жоготкон
- Методические рекомендации по определению рыночной стоимости земельных участков, находящихся в государственной собственности (Утверждены постановлением Правительства Кыргызской…Рекомендация · 19.03.2003 · № 143 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 26 марта 2003 года №169 "Об утверждении Положения об условиях и порядке приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике и…Постановление · 26.03.2003 · № 169
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 "Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартибинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2026 · № 266
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрели N 217 "Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү…Постановление · 03.04.2006 · № 217 · Күчүн жоготкон