Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аскер кызматчыларын медициналык күбөлөндүрүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 4-октябры № 453 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аскер кызматчыларын медициналык күбөлөндүрүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомунун редакциясына ылайык)
Аскер кызматчыларын медициналык күбөлөндүрүү маселелерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-февралындагы № 55 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген окутуучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздалгандарга камсыздандыруу суммаларын төлөп берүү жөнүндө чечим чыгаруу үчүн керектүү документтердин тизмесинде:
- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча ар бир пайдага ээ болуучудан камсыздандыруу суммасын төлөп берүү жөнүндө арыз (камсыздандырылган адамдын жашы жете элек балдары жубайлардын биринин, камкорчунун же камсыздоочунун арызына киргизилет) акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн жеке банктык реквизиттерин жана ар бир пайдага ээ болуучунун өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн тиркөө менен;";
- 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча ар бир пайдага ээ болуучудан камсыздандыруу суммасын төлөп берүү жөнүндө арыз (камсыздандырылган адамдын жашы жете элек балдары жубайлардын биринин, камкорчунун же камсыздоочунун арызына киргизилет) акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн ар бир пайдага ээ болуучунун жеке банктык реквизиттерин жана ар бир пайдага ээ болуучунун өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн тиркөө менен;";
- 2-пунктунун бешинчи абзацы "медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын" деген сөздөрдөн кийин "же штаттык аскердик-дарыгердик комиссиянын токтомунун" деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктунда:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- камсыздандырылган адамдын акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн жеке банктык реквизиттерин тиркөө менен өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү менен бирге камсыздандыруу суммасын төлөп берүү жөнүндө арызы (камсыздалуучу адамдын майыптуулук тобу жогорулаган учурда аларга кошумча мурдагы майыптуулук тобу боюнча тиешелүү камсыздандыруу суммасын төлөп берүү, аны алуу, өлчөмү жөнүндө арызы менен кайрылуусу тууралуу маалымат көрсөтүлөт;";
- бешинчи абзацындагы "организмдин функциялары туруктуу бузулуу менен" деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктунда:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- камсыздандырылган адамдын акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн жеке банктык реквизиттерин тиркөө менен өздүгүн тастыктаган документинин көчүрмөсү менен бирге камсыздандыруу суммасын төлөп берүү жөнүндө арызы (камсыздалуучу адамдын майыптуулук тобу жогорулаган учурда аларга кошумча мурдагы майыптуулук тобу боюнча тиешелүү камсыздандыруу суммасын төлөп берүү, аны алуу, өлчөмү жөнүндө арызы менен кайрылуусу тууралуу маалымат көрсөтүлөт;";
- бешинчи абзацындагы "организмдин функциялары туруктуу бузулуу менен" деген сөздөр алып салынсын;
5-пунктунда:
- экинчи абзацы "камсыздандырылган адамдын" деген сөздөрдөн кийин "акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн жеке банктык реквизиттерин тиркөө менен өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү менен бирге" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды жана алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын белгилөө тууралуу медициналык күбөлөндүрүү протоколу (аскер кызматчыларынын дарылоо мекемелерине (менчиктин түрүнө карабастан) канында жана заарасында алкоголдун, баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын бар же жок экендигин текшерүүнүн жыйынтыктары менен жаракаттарды алган, жарадар, майып болгон жана ууланган учурдан тартып бир суткадан ашык, бирок 48 сааттан кеч эмес учурда кайрылганда)."; 6-пунктунда:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чакыруу боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчынын аскердик кызматтан жана аскердик жыйындарга же жыйындардан мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандардын, аларды аскердик-дарыгердик комиссия тынчтык мезгилде аскердик кызматка жараксыз, согуш мезгилинде чектүү жарактуу же мертинүүнүн (жаракаттын, травманын, контузиянын) же аскердик кызматты жана аскердик жыйынды өтөө мезгилинде алган оорунун кесепетинен аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылгандыгына байланыштуу, мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда таризделет:";
- экинчи абзацы "камсыздандырылган адамдын" деген сөздөрдөн кийин "акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн жеке банктык реквизиттерин тиркөө менен өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү менен бирге" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан тынчтык мезгилде аскердик кызматка жараксыз, согуш мезгилинде чектүү жарактуу же аскердик кызматка аскердик каттоодон чыгаруу менен жараксыз деп таанылган камсыздандырылган адамдын оорусу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды же алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды жана алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жободо:
- 11-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аскер кызматчыларын дарылоо мекемелерине (менчиктин түрүнө карабастан) жаракаттарды алган, майып, жарадар болгон, ууланган учурдан тартып бир суткадан ашык, бирок 48 сааттан кеч эмес учурда кайрылганда текшерүүдө.".
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Окутуучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик…Перечень · 03.02.2005 · № 55
- Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды жана алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын…Положение · 12.02.2015 · № 50
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен…Постановление · 24.12.2024 · № 787
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш…Постановление · 18.12.2009 · № 771 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды же алкоголь ичүү, баңги каражаттарын…Постановление · 12.02.2015 · № 50
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен…Постановление · 24.12.2024 · № 787
- Окутуучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик…Перечень · 03.02.2005 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттуулордун жана аларга тенештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттуу мамлекеттик…Закон · 21.08.2004 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылынын 3-февралынын № 55 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга…Постановление · 03.02.2005 · № 55