Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-статья. Саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 октября 2012 года № 171
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы:
- дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнүн тартибин аныктаган ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгат жана бекитет жана алардын аткарылышы үчүн мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- фармацевтик ишти регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана бекитет;
- жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу жана илим-изилдөө иштерин координациялоону жүзөгө ашырат, фармацевтика илиминин жетишкендиктерин медициналык иш-тажрыйбада колдонууну киргизүүгө көмөктөшөт;
- ассоциациянын адистери менен бирдикте дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, аттестациялоону жана сертификациялоону жүзөгө ашырат;
- дары-дармек каражаттарынын белгиленген номенклатура боюнча керектелүүчү көлөмүн аныктайт;
- баңги жана психотроптук дары-дармек каражаттарын колдонуунун көлөмүн аныктайт, алардын дарылоо-профилактикалык жана дарыкана мекемелеринде жүгүртүлүшүнө контролду уюштурат;
- Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген дары-дармек каражаттарынын сапаты, натыйжалуулугу, коопсуздугу үчүн мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- дары-дармек каражаттарын, дарылоочу косметикалык жана гомеопатиялык дары-дармек каражаттарын, ошондой эле малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашырат;
- жашоодо өтө маанилүү деп эсептелген дары-дармек каражаттарынын тизмесин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө сунуштайт;
- дары-дармек каражаттарын өндүрүү, даярдоо жана сатуу боюнча иш-аракетти лицензиялоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы республикалык бюджетте, гранттарда, кредиттерде каралган каражатка дары-дармек каражаттарын борборлоштуруп сатып алууну жүзөгө ашыруу укугуна ээ. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы дары-дармек каражаттарынын ченемдик документтердин талаптарына ылайык келбегендигин жана алардын адамдын ден соолугуна зыян келтире тургандыгын белгилеген учурларда дары-дармек каражаттарын даярдоону, ташып келүүнү жана сатып өткөрүүнү токтотуу жана тыюу салуу укугуна ээ. Дары-дармек каражаттарынын зыяндуу таасири байкалган жана алардын башка дары-дармек каражаттары менен өз ара аракеттеринин өзгөчөлүктөрү тууралу дары-дармек каражаттары колдонууга ылайык келбестиги жөнүндө маалымат түшкөн учурларда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы аталган дары-дармек каражаттарын колдонууну токтотуп коюу укугуна ээ. (КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 92, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 марта 2009 года № 92 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О лекарственных средствах""Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-8" title="8-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>