28-статья. Дары-дармек каражаттарын клиникалык изилдөөлөргө катышкан пациенттердин укуктары
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Дары-дармек каражатын клиникалык изилдөөлөргө пациенттердин катышуусу ыктыярдуу болуп саналат. Пациенттердин укуктарынын кепили болуп Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана биомедициналык этиканын критерийлери боюнча эксперттик баа берүүнү жүзөгө ашырууга жана дары-дармек каражатына клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө келип чыккан моралдык-этикалык маселелерди чечүү жагынан ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо мекемелеринин алдындагы этика боюнча кеңештери саналат. Этикалык кеңештер медициналык кызматкерлердин, юристтердин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт. Этика кеңеши жөнүндө жобо жана анын курамы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк медициналык ассоциациянын Хельсинки декларациясынын принциптерине ылайык бекитилет. Пациент дары-дармек каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышууга жазуу жүзүндө макулдугун берет. Пациент төмөндөгүлөргө маалымданууга тийиш:
- дары-дармек каражаттары жана аталган дары-дармек каражаттарына өткөрүлүүчү клиникалык изилдөөлөрдүн маани-маңызы жөнүндө;
- дары-дармек каражаттарынан күтүлүүчү натыйжалуулук жана пациент үчүн тобокелге салуунун деңгээли жөнүндө;
- пациенттин ден соолугунун абалына дары-дармек каражаттары күтүүсүз таасир тийгизген учурда анын жасай турган аракеттери жөнүндө;
- пациенттин ден соолугун камсыздандыруунун шарттары жөнүндө.
Пациент аталган изилдөөлөрдү ар кандай стадияларда дары-дармек каражаттарына жүргүзүлүүчү клиникалык изилдөөлөргө катышуудан баш тартууга укуктуу. Изилдөө жүргүзүлүүчү дары-дармек каражаттары менен балдардын дартын айыктырууга гана арналган же клиникалык изилдөөлөрдүн максаты жашы жетиле элек балдарды дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарын колдонуунун эң жакшы өлчөмү жөнүндөгү маалыматтарды алуу болуп эсептелген учурлардан тышкаркы жашы жетиле элек балдарга клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт. Дары-дармек каражаттары менен жашы жетилген балдарга клиникалык изилдөө жүргүзүлгөн учурда ага удаа эле клиникалык изилдөө жашы жетиле элек балдарга жүргүзүлүүгө тийиш. Дары-дармек каражаттары менен жашы жетиле элек балдарга клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө анын ата-энесинин жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл. Дары-дармек каражаттары менен клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
- ата-энеси жок жашы жетиле элек балдарга;
- аскер кызматчыларына:
- эркинен ажыратылып жазасын өтөп жаткан жерлердеги адамдарга, ошондой эле тергөө изоляторунда камакта жаткан адамдарга;
- эгерде кош бойлуу аялдарга дары-дармек каражаттары менен клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдөн гана зарыл маалыматтардын алынышы мүмкүн болгон жана кош бойлуу аялга жана курсактагы балага зыян келтирүү тобокелдиги толук жоюлганда, кош бойлуу аялга арналган дары-дармек каражаттары менен клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзгөн учурдан тышкаркы кош бойлуу аялдарга.
"Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын гарантиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте психикалык ооруларды дарылоого, психикалык жактан оорулуу жана эмгекке жараксыз деп табылган адамдарга тиешелүү болгон дары-дармек каражаттары менен клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жол берилет. Бул учурда дары-дармек каражаттары менен клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, аталган адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо жүргүзүлөт. Дары-дармек каражаттары менен клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышуучу пациенттин ден соолугун камсыздандыруу келишими дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуучу уюм менен медициналык жактан камсыздандыруу уюмунун ортосунда түзүлөт.
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндөЗакон · 17.06.1999 · № 60 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-28" title="28-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>