Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтүнүн «Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча „Темир“ мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 2-ноябры № 726 Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча "Темир" мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө Мамлекеттик ишканалардын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96 жана 97-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча "Темир" мамлекеттик ишканасы жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- "Темир" мамлекеттик ишканасын жоюу жол-жобосун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-мартындагы № 141 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча "Темир" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 191 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча "Темир" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы № 387 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Ушул токтомдун жоюу жол-жобосу аяктаган күндөн тартып күчүнө кире турган 3-пунктун кошпогондо, ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 30 марта 2001 года №141 "О государственном предприятии по сбору, скупке, переработке и реализации лома и отходов цветных и черных металлов "Темир"Постановление · 30.03.2001 · № 141
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы N 387 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2001 · № 387
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Постановление Правительства КР от 25 апреля 2001 года №191 "Об утверждении Устава государственного предприятия по сбору, скупке, переработке и реализации лома и отходов цветных и…Постановление · 25.04.2001 · № 191
- УСТАВ государственного предприятия по сбору, скупке, переработке и реализации лома и отходов цветных и черных металлов "Темир"(Утвержден Постановлением Правительства Кыргызской…Устав · 25.04.2001 · № 191
- ПОЛОЖЕНИЕ о Государственном агентстве по энергетике при Правительстве Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 26 апреля 2001 года…Положение · 26.04.2001 · № 198