4-статья. Коргоо үчүн сотко кайрылуу укугу
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Таламы бар ар кандай адам мыйзам тарабынан белгиленген тартипте өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз.
2. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар мамлекеттик же коомдук таламдарды коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.
3. Эгерде мыйзам тарабынан айрым категориядагы иштер үчүн сотко чейин жөнгө салуу тартиби белгиленгенсе же ал келишимде каралса, анда мындай иштер ушундай тартип сакталгандан кийин гана сотко берилиши мүмкүн.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- (Русский) Решение от 18 сентября 2008 годаРешение Конституционного суда · 18.09.2008
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз…Постановление · 11.11.2011 · № 709 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-4" title="4-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>