Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыйыр салыктар боюнча отчет чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 февраля 2022 года № 93 "О мерах по реализации требований статей 99, 100, 120, 125, 302 и 324 Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-06-04.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 4-июну № 268 Кыйыр салыктар боюнча отчет чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 "Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу жана берүү тартибинде:
61-3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 61-4-пунктундагы "360" цифралары "359" цифралары менен алмаштырылсын; 61-5-пунктундагы "361" цифралары "360" цифралары менен алмаштырылсын; 62-пунктундагы "361" цифралары "360" цифралары менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "КНСтен бошотулган импорт" 3-тиркемеси (FORM STI-123-003) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибинде:
45-пунктунда: 4-пунктчасынын таблицасында "200-299 "Бошотулган жеткирүүлөр" бөлүмүндөгү "Импорттоочу өзү өндүргөн дандан КНСтен бошотулган унду жеткирүү" "223" коду жана позициясы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Тиркеме
"3-тиркеме
FORM STI-123-003 Кыйыр салыктар боюнча отчеттун "КНСтен бошотулган импорт" 3-тиркемеси
(Кагаз тγрγндѳгyсy юстиция министрлигинде )
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын…Постановление · 22.02.2022 · № 93
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2015 · № 491 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы №93 токтомуПостановление · 22.02.2022 · № 93
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын…Постановление · 22.02.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2015 · № 491 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон