Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жергиликтүү бюджеттерден каржыланган шаардык социалдык өнүктүрүү башкармаларын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 11-июну № 276 Жергиликтүү бюджеттерден каржыланган шаардык социалдык өнүктүрүү башкармаларын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө
Социалдык коргоо системасын андан ары оптималдаштыруу жана шаардык социалдык өнүктүрүү башкармаларынын мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүсү боюнча бирдей шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 1-октябрынан тартып мурда шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган Ош, Токмок, Балыкчы, Талас, Каракол, Нарын, Өзгөн, Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя, Баткен жана Сүлүктү шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалары республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоого которулсун.
2. Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Өзгөн жана Токмок шаарларынын мэрияларына республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоого которулган шаардык социалдык өнүктүрүү башкармаларына материалдык-техникалык базаны өткөрүп берүү жана жайгаштыруу маселелерин чечүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 92 "Сүлүктү шаарынын 2018–жылга бюджетинин аткарылышы, 2019-жылдын бюджети жана 2020-2021–жылдарга болжолун бекитүү…Постановление · 08.02.2019 · № 92
- Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 109 "Сүлүктү шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджети жана 2021-2022–жылдарга болжолун жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2019 · № 109
- Сүлүкү шаардык кеңешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 78 “Сүлүктү шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 2018-жылдын сметасындагы калган 1305,1сом акча каражатын…Постановление · 30.11.2018 · № 78
- Сүлүктү шаардык кеңешинин 2020-жылдын 28-декабрындагы № 130 "Сүлүктү шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджети жана 2022-2023–жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2020 · № 130
- Сүлүктү шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-февралындагы №149 "Сүлүктү шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга жергиликтүү бюджетти жана 2025-2026–жылдарга…Постановление · 02.02.2024 · № 149
- Сүлуктү шаардык кенешинин 2025-жылдын 27-январындагы 301-5/19 "Сүлүктү шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2025-жылга жергиликтүү бюджети жана…Постановление · 27.01.2025 · № 01-5/19
- Сүлүктү шаардык кеңешинин (атынчы чакырылышы) X сессиясынын 2022-жылдын 31-январындагы № 36 "Сүлүктү шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга жергиликтүү…Постановление · 31.01.2022 · № 36
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон