6-статья. Инвестицияларды экспроприациялоодон коргоо жана инвесторлорго чыгымынын ордун толтурууга кепилдиктер
Күчүн жоготкон · 12.08.2025 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 августа 2025 года № 198.
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда экспроприация дискриминациялабоонун негизинде, коомдук кызыкчылыкта мыйзамдык тартипти так сактоо менен ишке ашырылса жана алынбай калган пайданы кошо алганда зыяндын ордун тиешелүү түрдө жана реалдуу толтуруу, өз убагында төлөө менен жүргүзүлсө, инвестициялар экспроприацияланбайт (мамлекеттештирбейт, реквизицияланбайт же инвестордун каражаттарын мажбурлап алып коюуга же инвестициялардын жыйынтыгынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн аны ажыратууга кириптер кылуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан аракетти же аракетсиздикти камтуучу башка эквиваленттүү чаралар көрүлбөйт).
2. Ордун толтуруу экспроприация жөнүндө чечим кабыл алынган датанын өзүндө, алынбай калган пайданы кошкондо, экспроприацияланган инвестициялардын же анын бир бөлүгүнүн объективдүү рынок баасына эквиваленттүү болууга тийиш. Объективдүү рынок баасы мурдагы экспроприациялоо жөнүндө маалымдуу болушунун натыйжасында наркта кандайдыр бир өзгөрүүнү чагылдырбоого тийиш.
3. Ордун толтуруу реалдуу ишке ашырылууга, тараптар макулдашкан мөөнөттө бүткөрүлүүгө тийиш жана эркин алмаштырылуучу валютада төлөнөт.
Ордун толтуруу LIBOR сунушунун Лондон банктар аралык ставка боюнча компенсация эсептелүүчү мөөнөткө туш келүүчү АКШ доллары менен пайыздарды камтыйт. Мөөнөт бир жылдан ашык узарган учурда LIBORдун он эки айлык ставкасы пайдаланылат.
4. Инвестордун инвестициясын баалоону жана ушул статьянын жоболоруна ылайык ордун толтуруу төлөмүн кошкондо экспроприациянын таасирине доо-талаптар болгон учурда тиешелүү мыйзамдык тартип Кыргыз Республикасынын сот органдары же башка компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык инвесторлорго зыянынын ордун толтуруу тартибин бузуусуз ишти тезинен карап берүү жагын карайт.
5. Кыргыз Республикасында согуштун же башка куралдуу кагылыштардын, революциянын, өзгөчө кырдаалдын, жарандык кагылышуулардын же башка ушундай жагдайлардын кесепетинен инвестициясына зыян келтирилген инвесторлорго юридикалык статус берилет жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына колдонулуучу мамиледен кем эмес шарттар түзүлөт.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-мартындагы № 130 “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 18.03.2015 · № 130
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-октябрындагы № 604 ""Улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 20.10.2014 · № 604 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1190/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>