5-статья. Инвестицияларды, мүлктү жана маалыматты Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга жана репатриациялоого кепилдиктер
Күчүн жоготкон · 12.08.2025 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 августа 2025 года № 198.
1. Инвестор ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган ордун толтурууну эркин алмаштыруучу валютада Кыргыз Республикасынын аймагындагы инвестициялардан алынган кирешелердей эле төмөнкүлөрдү кошуп, бирок чектелбестен алып чыгууга же репатриациялоого укуктуу:
а) дивиденддер, пайыздар жана түшүүлөрдүн башка түрлөрү катары инвестициялардан алынган пайданы;
б) Кыргыз Республикасында инвестициялык иш жарым-жартылай же толугу менен токтогондон кийин Кыргыз Республикасына же башка кредиторлорго карата инвестордун милдеттерин аткаруу боюнча зыян келтирбестен инвестициялардан, менчиктен жана мүлк укуктарынан ажыратылгандан кийин инвесторлор алган каражаттар.
2. Мүлктү жана документ түрүндө же электрондук алып жүрүүчүлөрдө жазуу жүзүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагына алгач инвестиция катары алып келген инвестор аталган мүлктү жана маалыматты Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алып чыгууга (квотасыз, лицензиясыз жана тышкы соода ишин тарифсиз жөнгө салуунун башка чараларын ага колдонуусуз) укуктуу.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1190/st-5" title="5-статья - Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>