711-берене. Активдүү эмес жана идентификацияланбаган акционерлердин акцияларын соттун чечими боюнча сатып алуунун тартиби
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Акционердик коомдун акцияларынын 80 пайызынан ашыгына ээ болгон акционер акыркы он жыл катары менен жалпы жылдык чогулуштарга катышпаган жана аларды идентификациялоо жана байланыштыруу үчүн зарыл болгон актуалдуу маалыматтарды бербеген акционерлердин акцияларын сатып алуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
2. Сот келтирилген далилдерди карап чыгып, төмөнкү талаптар сакталган шартта көрсөтүлгөн акцияларды мажбурлап сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:
- көз карандысыз баалоочуну тартуу менен сатып алынууга тийиш болгон акциялардын рыноктук наркына көз карандысыз баа берүүнү жүргүзүү;
- сотко арыз берилгенге чейин эки айдан кечиктирбестен расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жана акционердик коомдун сайтында сатып алуу ниети жөнүндө ачык билдирүүнү жайгаштыруу.
3. Акцияларды сатып алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин акционердик коом календардык жыл ичинде:
- акционердин атына ачылган Улуттук депозитарийдин депо-эсебине же эгерде атын көрсөтүү мүмкүн болбосо, акциялардын реквизиттерин көрсөтүү менен шарттуу эсепке сатып алынуучу акциялардын рыноктук наркына барабар сумманы которот;
- 80 пайыздан ашыгына ээлик кылган акционерге карата сатып алынган акцияларга менчик укугунун өтүшүн чагылдырган акционерлердин реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
4. Ушул статьяга ылайык акциялары сатылып алынган акционер, сатып алынган күндөн тартып он жылдын ичинде каалаган убакта акционерлердин реестрин кармоочуга жана улуттук депозитарийге өзүнө тиешелүү акча каражаттарынын суммасын алуу үчүн кайрылууга укуктуу.
5. Эгерде акционер же анын укук мураскорлору сатып алган күндөн тартып он жыл өткөндөн кийин компенсация алуу үчүн кайрылбаса, депонирленген каражаттар ээси жок деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттин кирешесине айландырылат.
6. Акцияларды сатып алуу, каражаттарды депонирлөө жана Улуттук депозитарий менен өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VIII Глава Ири бүтүмдөр
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
711-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Активдүү эмес жана идентификацияланбаган акционерлердин акцияларын соттун чечими боюнча сатып алуунун тартиби 1. Акционердик коомдун акцияларынын 80 пайызынан ашыгына ээ болгон акционер акыркы он жыл катары менен жалпы жылдык чогулуштарга катышпаган жана аларды идентификациялоо жана байланыштыруу үчүн зарыл болгон актуалдуу маалыматтарды бербеген акционерлердин акцияларын сатып алуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. 2. Сот келтирилген далилдерди карап чыгып, төмөнкү талаптар сакталган шартта көрсөтүлгөн акцияларды мажбурлап сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу: - көз карандысыз баалоочуну тартуу менен сатып алынууга тийиш болгон акциялардын рыноктук наркына көз карандысыз баа берүүнү жүргүзүү; - сотко арыз берилгенге чейин эки айдан кечиктирбестен расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жана акционердик коомдун сайтында сатып алуу ниети жөнүндө ачык билдирүүнү жайгаштыруу. 3. Акцияларды сатып алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин акционердик коом календардык жыл ичинде: - акционердин атына ачылган Улуттук депозитарийдин депо-эсебине же эгерде атын көрсөтүү мүмкүн болбосо, акциялардын реквизиттерин көрсөтүү менен шарттуу эсепке сатып алынуучу акциялардын рыноктук наркына барабар сумманы которот; - 80 пайыздан ашыгына ээлик кылган акционерге карата сатып алынган акцияларга менчик укугунун өтүшүн чагылдырган акционерлердин реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет. 4. Ушул статьяга ылайык акциялары сатылып алынган акционер, сатып алынган күндөн тартып он жылдын ичинде каалаган убакта акционерлердин реестрин кармоочуга жана улуттук депозитарийге өзүнө тиешелүү акча каражаттарынын суммасын алуу үчүн кайрылууга укуктуу. 5. Эгерде акционер же анын укук мураскорлору сатып алган күндөн тартып он жыл өткөндөн кийин компенсация алуу үчүн кайрылбаса, депонирленген каражаттар ээси жок деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттин кирешесине айландырылат. 6. Акцияларды сатып алуу, каражаттарды депонирлөө жана Улуттук депозитарий менен өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык) VIII Глава Ири бүтүмдөр
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-октябрындагы № 732 токтомуна 1-тиркеме)Приложение · 29.10.2026 · № 732 · Күчүнө кире элек
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-711" title="711-берене - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>