651-статья. Убактылуу сырткы башкаруу
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 12 мая 2021 года № 62
1. Жумуштар таасирин тийгизген зонада иштеп жаткан же жашап жаткан адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына түздөн түз коркунуч келтирген коомдун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузгандыгынын негиздери боюнча коомдун жер казынасын пайдалануу укуктары токтотулуп турган, ошондой эле коом тарабынан аларды четтетүү үчүн зарыл чаралар көрүлбөгөн учурда, коомдун башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары коомдун жер казынасын пайдалануу укугу токтотулуп турган мөөнөткө токтотулуп турат.
Мындай учурларда коомдун башкаруу органдарына, коомдун жер казынасын пайдалануу укуктарын токтотуп туруу үчүн негиз болгон жумуштар таасирин тийгизген зонада иштеп же жашап жаткан адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына келүүчү коркунучту четтетүүгө байланышкан чечимдерди кошпогондо, коомдун операциялык (административдик-чарбалык жана финансылык) ишине байланышкан чечимдерди кабыл алууга тыюу салынат.
2. Коомдун экономикалык ишин улантууну камсыз кылуу максатында, ушул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык убактылуу сырткы башкаруу коомдун жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруу жөнүндө чечимдин колдонуу мөөнөтүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилет.
Убактылуу сырткы башкаруу киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы убактылуу сырткы башкаруучуну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети караган тартипте дайындайт. Коомдун операциялык ишмердигин убактылуу сырткы башкаруучу болуп жеке жак дагы, юридикалык жак дагы дайындалышы мүмкүн.
3. Убактылуу сырткы башкаруучу коомдун уставында, ушул Мыйзамда, акционердик коомду башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган коомдун аткаруу органынын бардык ыйгарым укуктарына ээ болот.
Коомдун жер казынасын пайдалануу укуктарын токтотуп туруу мезгилине карата бардык банктык эсептери тейлөөчү банктын юрисдикциясына карабастан, убактылуу сырткы башкаруучунун толук башкаруусуна өткөрүп берилет. Убактылуу сырткы башкаруу мезгилинде орто жана төмөнкү звенонун кызматкерлерине эмгек акы төлөө өз убагында жүргүзүлүүгө тийиш. Ушул максатта убактылуу сырткы башкаруучу кызматкерлерге эмгек акы төлөө үчүн коомдун финансылык каражаттарын тескөөгө укуктуу. Ыйгарым укуктары токтотулуп турган коомдун башкаруу органдарына кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө кандайдыр бир формада тоскоолдук кылууга тыюу салынат.
4. Убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарланат.
5. Коомду убактылуу сырткы башкаруу мезгилинде акционерлердин жалпы чогулушу жана директорлор кеңеши тикелей нускамаларды, буйруктарды, өтүнүчтөр же сунуштамалар түрүндөгү башка көрсөтмөлөрдү убактылуу сырткы башкаруучуга берүү жолу менен коомду учурдагы башкарууга кийлигишүүгө укуксуз.
6. Убактылуу сырткы башкаруучу жер казынасын пайдалануу укугу токтотулуп турган мөөнөттүн ичинде коомдун бүткүл мүлкүнүн сакталган, бузулбаган, адамдар жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз абалда күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
(КР 2021-жылдын 12-майындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VII Глава Жайгаштырылган акциялардын коом тарабынан сатып алынышы жана сатылышы
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
651-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (17)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 446-р "Кумтөр Голд Компан" ЖАКна киргизилген тышкы башкаруу жол-жобосун аяктоо жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 23.08.2022 · № 446-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 27-октябрындагы № 685 ("Кум-Шагыл" жабык акционердик коомунда Кутманов Эрмек Осмоновичти убактылуу сырткы…Распоряжение · 27.10.2026 · № 685
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 520 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 “Кум-Шагыл” жабык…Постановление · 22.08.2025 · № 520
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 725 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 «Кум-Шагыл» жабык…Постановление · 06.11.2025 · № 725
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 "Кум-Шагыл" жабык…Постановление · 20.02.2025 · № 83
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 “Кум-Шагыл” жабык…Постановление · 04.02.2026 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 285 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 «Кум-Шагыл» жабык…Постановление · 25.04.2026 · № 285
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-октябрындагы № 712 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 «Кум-Шагыл» жабык…Постановление · 20.10.2026 · № 712
- 2024-жылдын 27-августу № 514 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2024-жылдын 29-февралындагы № 89 “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну…Постановление · 27.08.2024 · № 514
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 "Кум-Шагыл" жабык…Постановление · 28.11.2024 · № 715
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-майындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 “Кум-Шагыл” жабык…Постановление · 26.05.2025 · № 281
- КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 2-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 4405-VI жана 2021-жылдын 24-февралындагы № 4422-VI…Распоряжение · 17.05.2021 · № 2-р · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 11-февралындагы № 133 "Болтурук Тенгиз Аяпберген уулу "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомун убактылуу сырткы…Распоряжение · 11.02.2022 · № 133 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 7 токтомуПостановление · 17.05.2021 · № 7
- КР Министрлер Кабинетинин 28.05.2024-ж. № 266 токтомуПостановление · 28.05.2024 · № 266
- КР Министрлер Кабинетинин 27.08.2024-ж. № 514 токтомуПостановление · 27.08.2024 · № 514
- Министрлер Кабинетинин 06.11.25-ж. №725 токтомуПостановление · 06.11.2025 · № 725
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-651" title="651-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>