Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-майы № 281
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү талаптарын адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаратуучу бузууларды четтетүү максатында, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 651-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пунктта “2025-жылдын 28-февралынан тартып 2025-жылдын 28-майына чейинки” деген сөздөр “2025-жылдын 28-майынан тартып 2025-жылдын 28-августуна чейинки” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) белгиленген тартипте убактылуу сырткы башкаруучуга талапкерди көрсөтсүн;
2) “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкаруу киргизилгендиги жөнүндө юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарласын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 28-майынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 27-майындагы № 38 (3694) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 "Кум-Шагыл" жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.02.2024 · № 89
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64