Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
63-статья. Коомдун аудити
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
Аудитордук уюм аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде коомдун финансылык отчетторунун Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин аныктоо максатында көз карандысыз текшерүүнү жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту жыл сайын аудитордук текшерүүдөн өткөрүп турууга милдеттүү болгон коомдор көз карандысыз аудитордук уюмду тартууга тийиш. Аудитордук уюм коомдун директорлор кеңеши тарабынан тандалат жана коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун чечими менен бекитилет. Эгерде акционерлердин жалпы чогулушунда аудитордук уюм бекитилбесе, анда директорлор кеңеши кайрадан тандоо жүргүзөт жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырбастан аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө акынын өлчөмүн аныктоо менен аудитордук уюмду бекитет. Аудитордук текшерүү акционерлердин жалпы чогулушунун, коомдун директорлор кеңешинин, ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) чечими боюнча же коомдун добуш берүүчү акцияларынын кеминде 10 пайызына ээлик кылган коомдун акционеринин (акционерлеринин) талабы боюнча каалаган учурда өткөрүлүшү мүмкүн. Акционер (акционерлер) финансылык отчеттуулуктун тууралыгын текшерүү жана ырастоо үчүн коомдун аудиторун же башка көз карандысыз аудиторду тартууга укуктуу. Анын кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөө аудитти өткөрүүгө демилге көтөргөн адамдын эсебинен жүзөгө ашырылат. (КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, 2008-жылдын 2-июнундагы № 110, 2017-жылдын 28-июлундагы № 154, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2017 года № 154 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 июня 2008 года № 110 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…акционерлердин жалпы чогулушунун, коомдун директорлор кеңешинин, алынып салынды: текшерүү комиссиясынын кошулду: ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) чечими боюнча же коомдун добуш берүүчү акцияларынын кеминде 10 … № 110, 2017-жылдын 28-июлундагы № 154, 2025-жылдын 20-июнундагы № алынып салынды: 122 кошулду: 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-63" title="63-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>