Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
62-статья. Коомдун ички аудит кызматы (ички аудитору)
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
(Берененин КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Коомдун финансы-чарбалык ишине контроль жүргүзүү үчүн акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан коомдун ички аудит кызматы (ички аудитору) шайланат. Эгерде коомдун уставында башкасы белгиленбесе, ички аудит кызматынын мүчөлөрү (ички аудитору) коомдун акционерлеринин ичинен шайланат.
Акциялардын 50 пайызынан ашыгына мамлекет ээ болгон коомдун ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) курамына шайланган адамдар катары менен үч жолудан ашык шайланышы мүмкүн эмес. Ички аудит кызматынын мүчөлөрүнө (ички аудиторго) карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн.
2. Коомдун ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) ушул Мыйзам менен белгиленбеген компетенциясы коомдун уставы менен аныкталат.
Коомдун ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) иштөө тартиби акционерлердин жалпы чогулушунда бекитилүүчү коомдун ички документи менен аныкталат.
3. Коомдун финансы-чарбалык ишин текшерүү коомдун жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча, ошондой эле коомдун ички аудит кызматынын (ички аудиторунун), коомдун директорлор кеңешинин же коомдун добуш берүүчү акцияларынын жалпысынан 10 пайызынан кем эмесине ээ болгон акционерлеринин (акционеринин) талабы боюнча жүргүзүлөт.
Ички аудит кызматы (ички аудитор) үзгүлтүксүз, бирок кварталында кеминде бир жолу директорлор кеңешине аткарылган иштер жөнүндө маалымат берет. Ички аудит кызматы (ички аудитор) иштеринин натыйжалары акционерлерге коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунда билдирилет.
4. Коомдун ички аудит кызматынын (ички аудитордун) талабы боюнча коомдун башкаруу органдарында кызмат ордун ээлеген адамдар коомдун финансы-чарбалык иши жөнүндөгү документтерди берүүгө милдеттүү.
5. Коомдун ички аудит кызматы (ички аудитор) төмөндөгүлөргө укуктуу:
- акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну талап кылууга;
- директорлор кеңешинин же директорлор кеңеши жок болгон учурда аткаруу органынын макулдугу боюнча компаниянын каражаттарынын эсебинен көз карандысыз эксперттерди жана аудитордук уюмду тартууга;
- каралып жаткан маселелер түшүндүрүүнү талап кылган учурларда ички аудит кызматынын жыйналыштарына аткаруучу органдын мүчөлөрүнүн катышууларын талап кылууга;
- коомдун кызмат адамдарынан анын иштөөсү үчүн зарыл болгон документтерди берүүлөрүн талап кылууга;
- (КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- аудитордук уюмга суроо-талаптарды жөнөтүүгө жана аудитордук корутундуга же отчетко карата аудитордук уюмдун түшүндүрмөлөрүн алууга.
6. Коомдун ички аудит кызматынын мүчөлөрү (ички аудитор) бир эле убакта коомдун директорлор кеңешинин мүчөсү боло албайт, ошондой эле коомдун башкаруу органдарында дагы башка кызматтарды ээлей албайт.
Коомдун кызматкелери ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) мүчөлөрү боло алышпайт.
7. Ички аудит кызматынын жыйналыштары кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Ички аудит кызматынын жыйналыштарын чакыруунун жана өткөрүүнүн тартиби коомдун ички документтери менен белгиленет.
(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, 2011-жылдын 5-октябрындагы № 163, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 октября 2011 года № 163 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 20.06.2025 · № 122 · Күчүнө кире элек
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-62" title="62-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>