31-статья. Акционердик коом тарабынан дивиденддерди төлөп берүү тартиби
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Дивиденддер акционердин менчиги болуп эсептелет. Дивиденддер акционерлердин арасында алардын менчигиндеги болгон акциялардын санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт.
Дивиденддер акционердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен акча каражаттары же башка мүлктөр менен төлөнүп берилет. Коомдун салык төлөөдөн кийин калган пайдасы (таза пайдасы) дивиденддерди төлөп берүүнүн булагы болуп саналат. Артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддер акционердик коомдун ушул максаттар үчүн мурда түзүлгөн атайын фонддорунун эсебинен төлөнүп берилүүсү мүмкүн. Акционердик коом дивиденддерди төлөп берүүгө акционердик коомдун тескөөсүндө калган жыл ичиндеги иштердин жыйынтыгы боюнча таза пайданын кеминде 25 пайызын багыттоого тийиш.
2. Акционердик коом финансылык жылдын жыйынтыктары боюнча тиешелүү мезгил аяктагандан кийин жайгаштырылган акциялар боюнча дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алууга (жарыялоого) укуктуу.
Дивиденддерди таза пайданын 25 пайызынан ашык өлчөмүндө төлөө жана аны төлөөнүн мүмкүн болгон формасы жөнүндө чечим акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынат. Дивиденддерди акчалай төлөгөндө акционердин жазуу жүзүндөгү арызына ылайык, төлөп берүү накталай же накталай эмес формада жүргүзүлөт. Дивиденддердин өлчөмү директорлор кеңеши же директорлор кеңеши болбогон учурда башкармалык тарабынан сунуш кылынгандан көп болуусу мүмкүн эмес. Коомдун директорлор кеңеши дивиденддерге багытталуучу каражаттардын көлөмү жөнүндө маселени акционерлердин жалпы чогулушуна алып чыгуунун алдында дивиденддерди төлөп берген учурда коомдун банкрот болуу коркунучу жөнүндө маселени кароого милдеттүү. Дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечимде төмөнкү маалыматтар болуусу тийиш:
1) дивиденддердин өлчөмү жана берүүнүн формасы жөнүндө;
2) аны жарыялаган учурдан тартып коомдун акционерлердин алдында дивиденддерди төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилиги келип чыгуучу иш жүзүндө дивиденддерди төлөп берүүнүн орду жана датасы жөнүндө;
3) дивиденддерди алууга укугу бар акционерлерди каттоонун акыркы датасы жөнүндө;
Дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечимди акционердик коом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү.
3. Дивиденддерди төлөп берүүнүн тартиби коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат. Дивиденддерди төлөп берүү күнү акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат жана дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн эрте жана мындай чечим кабыл алынгандан кийин 120 күндөн кеч болушу мүмкүн эмес.
Дивиденддерди төлөп берүүнүн датасы расмий жарыяланганга чейин 30 күндөн кечиктирбестен коомдун акциясын сатып алган адамдар дивиденддерди алуу укугуна ээ болушат. Жүгүртүүгө чыгарылбаган же коомдун балансында турбаган акцияларга дивиденд төлөнбөйт. Дивиденддерди төлөп берүү үчүн дивиденддерди алууга укугу бар адамдардын тизмеси түзүлөт. Тизмени түзүү үчүн акциялардын номиналдуу кармоочусу өзү алардын кызыкчылыгында акцияларга ээлик кылган адамдар жөнүндө маалыматтарды берет.
4. Акционердик коом акциялардын ар бир категориясы (түрү) боюнча жарыяланган дивиденддерди төлөө күнү келген күндөн тартып талап боюнча бардык акционерлерге төлөп берүүгө милдеттүү. Акционер акционердик коомдун карызынын пайда болуш мөөнөтүнө карабастан, жарыяланган дивиденд акционердик коомдун күнөөсү боюнча төлөнбөгөн учурда акционердик коомдон жарыяланган дивиденддерди сот тартибинде төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу.
Эгер акционердик коом акционерге ага тиешелүү дивиденддерди төлөп берүү күнүнөн кийин төлөп бербесе, анда ага тиешелүү дивиденддерге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча үстөк пайыздар чегерилет.
5. Дивиденддерди төлөп берүү мөөнөттөрүн жана тартибин бузган же төлөп бербеген акционердик коомдун кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2006-жылдын 31-июлундагы № 145, 2011-жылдын 5-октябрындагы № 163, 2016-жылдын 22-мартындагы № 25, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 марта 2016 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 октября 2011 года № 163 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2006 года № 145 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…берүү жөнүндө чечим кабыл алууга (жарыялоого) укуктуу.
Дивиденддерди алынып салынды: төлөп берүү, дивиденддин өлчөмү кошулду: таза пайданын 25 пайызынан ашык өлчөмүндө төлөө жана аны алынып салынды: төлөп берүүнүн кошулду: төлөөнүн мүмкүн болгон формасы жөнүндө чечим акционерлердин жалпы алынып салынды: чогулушу тарабынан кошулду: чогулушунда кабыл алынат. Дивиденддерди акчалай төлөгөндө акционердин жазуу … № 145, 2011-жылдын 5-октябрындагы № 163, 2016-жылдын 22-мартындагы № алынып салынды: 25 кошулду: 25, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 1-июнундагы "Жаран Р. Абдыкасымовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык…Постановление · 01.06.2016
- 2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн, аныкталган…План · 24.09.2025 · № 613
- Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-январындагы № 10-т имараттарды мамлекеттик менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" ТескемесиРаспоряжение · 14.01.2022 · № 10-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-июнундагы № 358 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз…Постановление · 27.06.2014 · № 358 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше…Постановление · 25.04.2025 · № 234 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-31" title="31-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>