Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизүү тууралу» мыйзамы
Бишкек шаары
2006-жылдын 31-июлу № 145
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Акционердик коомдор жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
төмөндөгүдөй өзгөртүү
киргизүү тууралу
2006-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6,
240-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
31-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Акционердик коом тарабынан дивиденддерди төлөп берүү
тартиби
1. Дивиденддер акционердин менчиги болуп эсептелет. Дивиденддер
акционерлердин арасында алардын менчигиндеги болгон акциялардын санына
пропорциялуу бөлүштүрүлөт.
Дивиденддер акционердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен акча кара-
жаттары же башка мүлктөр менен төлөнүп берилет. Коомдун салык төлөөдөн
кийин калган пайдасы (таза пайдасы) дивиденддерди төлөп берүүнүн булагы
болуп саналат. Артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддер акционердик
коомдун ушул максаттар үчүн мурда түзүлгөн атайын фонддорунун эсебинен
төлөнүп берилүүсү мүмкүн.
Акционердик коом дивиденддерди төлөп берүүгө акционердик коомдун
тескөөсүндө калган таза пайданын кеминде 25 пайызын багыттоого тийиш.
2. Акционердик коом финансылык жылдын жыйынтыктары боюнча тиешелүү
мезгил аяктагандан кийин жайгаштырылган акциялар боюнча дивиденддерди
төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алууга (жарыялоого) укуктуу.
Дивиденддерди төлөп берүү, дивиденддин өлчөмү жана аны төлөп
берүүнүн формасы жөнүндө чечим акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан
кабыл алынат. Дивиденддерди акчалай төлөгөндө акционердин жазуу
жүзүндөгү арызына ылайык, төлөп берүү накталай же накталай эмес формада
жүргүзүлөт. Дивиденддердин өлчөмү директорлор кењеши же директорлор
кењеши болбогон учурда башкармалык тарабынан сунуш кылынгандан көп бо-
луусу мүмкүн эмес.
Коомдун директорлор кењеши дивиденддерге багытталуучу каражаттар-
дын көлөмү жөнүндө маселени акционерлердин жалпы чогулушуна алып чыгуу-
нун алдында дивиденддерди төлөп берген учурда коомдун банкрот болуу
коркунучу жөнүндө маселени кароого милдеттүү.
Дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечимде төмөнкү маалыматтар бо-
луусу тийиш:
1) дивиденддердин өлчөмү жана берүүнүн формасы жөнүндө;
2) аны жарыялаган учурдан тартып коомдун акционерлердин алдында
дивиденддерди төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилиги келип чыгуучу иш жүзүндө
дивиденддерди төлөп берүүнүн орду жана датасы жөнүндө;
3) дивиденддерди алууга укугу бар акционерлерди каттоонун акыркы
датасы жөнүндө;
Дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечимди акционердик коом жалпыга
маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү.
3. Дивиденддерди төлөп берүүнүн мөөнөтү жана тартиби коомдун уста-
вы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат. Диви-
денддерди төлөп берүүнүн мөөнөтү дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө че-
чим кабыл алынган күндөн тартып 120 күндөн ашпоого тийиш.
Дивиденддерди төлөп берүүнүн датасы расмий жарыяланганга чейин 30
күндөн кечиктирбестен коомдун акциясын сатып алган адамдар дивиденддер-
ди алуу укугуна ээ болушат. Жүгүртүүгө чыгарылбаган же коомдун балан-
сында турбаган акцияларга дивиденд төлөнбөйт.
Дивиденддерди төлөп берүү үчүн дивиденддерди алууга укугу бар
адамдардын тизмеси түзүлөт. Тизмени түзүү үчүн акциялардын номиналдуу
кармоочусу өзү алардын кызыкчылыгында акцияларга ээлик кылган адамдар
жөнүндө маалыматтарды берет.
4. Акционердик коом акциялардын ар бир категориясы (түрү) боюнча
жарыяланган дивиденддерди белгиленген мөөнөттө төлөп берүүгө милдеттүү.
Акционер акционердик коомдун карызынын пайда болуш мөөнөтүнө карабас-
тан, жарыяланган дивиденд акционердик коомдун күнөөсү боюнча төлөнбөгөн
учурда акционердик коомдон жарыяланган дивиденддерди сот тартибинде
төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу.
Эгер акционердик коом акционерге ага тиешелүү дивиденддерди белги-
ленген мөөнөттүн ичинде төлөп бербесе, анда ага тиешелүү дивиденддерге
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча үстөк
пайыздар чегерилет.
5. Дивиденддерди төлөп берүү мөөнөттөрүн жана тартибин бузган же
төлөп бербеген акционердик коомдун кызмат адамы Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-
йык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
Шилтеме берет (1)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64