27-статья. Коомдун облигациялары жана дагы башка баалуу кагаздары
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Коом өз уставына ылайык Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндөгү мыйзамында каралган облигацияларды, эл аралык облигацияларды жана дагы башка баалуу кагаздарды чыгарууга укуктуу.
Кредиттерди жана зайымдарды тындыруу үчүн, ошондой эле акыркы жылдын ичинде кредиттер жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздары бар болгондо облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин облигацияларды чыгарууга жол берилбейт.
2. Облигацияларды жана дагы башка баалуу кагаздарды чыгаруу акционердик коомдун жалпы чогулушунун же ушул Мыйзамга ылайык директорлор кеңешинин чечими менен жүргүзүлөт.
3. Облигацияларды, эл аралык облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимде чыгаруунун көлөмү, жайгаштыруунун тартиби, тындыруунун мөөнөтү жана дагы башка шарттары аныкталууга тийиш. Облигациялар документардык же документарсыз түрүндө чыгарылышы мүмкүн.
Коом облигацияларды тындыруунун бир жолку мөөнөтү менен же белгилүү мөөнөттө сериялар боюнча тындыруу мөөнөтү менен облигацияларды чыгара алат. Облигацияларды тындыруу аларды чыгаруу жөнүндө чечимге ылайык акчалай түрүндө же дагы башка мүлк менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Коом тарабынан облигацияларды чыгаруу өздүк капиталдын көлөмүнөн ашпаган суммага гана жол берилет.
Коом облигациялардын ээлеринин каалоосу боюнча аларды мөөнөтүнөн мурда тындыруу мүмкүнчүлүгүн шарттоого укуктуу. Бул учурда облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимде тындыруу наркы жана мөөнөтүнөн мурда тындырууга сунуш кылышы мүмкүн болгон мөөнөттөн эрте болбогон мөөнөт аныкталууга тийиш. Акционердик коом өздүк капиталынын өлчөмүнөн ашпаган суммага, мурдагы чыгарылган акциялар жайгаштырылгандан кийин жана өзүнүн иштешинин үчүнчү жылынан эрте эмес, ушул убакытка карата коомдун эки жылдык балансын тийиштүү түрдө бекиткен шарттарда облигацияларды чыгарууга укуктуу.
Облигацияларды чыгарууну жүзөгө ашыруучу эмитенттердин өздүк капиталына карата ченемдик талаптар, буга кошуп өздүк каражаттардын жетиштүүлүк коэффициенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Облигацияларды чыгаруу үчүн коом төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) акыркы отчеттук жыл үчүн жана акыркы 3 жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болуу;
2) акыркы жылдын ичинде өз ишин үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу;
3) коомдун финансылык отчету аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирген аудитордук уюмдун корутундусу менен тастыкталууга тийиш;
4) корпоративдик башкаруу кодексине ээ болушу.
Коом квалификациялуу инвесторлор үчүн облигацияларды чыгарууга укуктуу, мында коомдун ишинин мөөнөтүнө карата ушул пункттун алтынчы абзацында белгиленген талаптар колдонулбайт. Кайра уюштуруу жолу менен түзүлгөн облигацияларды чыгаруу үчүн коом кайра уюштурулгандан кийин бирден кем эмес жылдык балансын бекитүүгө, ошондой эле ушул статьянын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Мурдагы чакырылыштагы акциялар жайгаштырылгандан кийин коом тарабынан берилген же болбосо үчүнчү жактар тарабынан бул максаттарда коомго берилген чоңдукка акционердик коом камсыздоо чоңдугуна камсыздалган облигацияларды чыгарууга укуктуу. Мында акционердик коомдун капиталынын өлчөмүнө жана аны иштөө мөөнөтүнө карата ушул пунктун алтынчы абзацында көрсөтүлгөн талаптар акционердик коом тарабынан камсыздалган облигацияларды чыгарылган учурда колдонулбайт. Камсыздалган облигацияларды чыгаруунун жайгаштыруунун жана жабдуунун тартиби, шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. (КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, 2009-жылдын 19-январындагы № 7, 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2016-жылдын 20-майындагы № 68 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 41, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 мая 2016 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах", "Об акционерных обществах", "О рынке ценных бумаг")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 апреля 2012 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 января 2009 года № 7 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндөгү мыйзамында каралган кошулду: облигацияларды, эл аралык облигацияларды жана дагы башка баалуу кагаздарды чыгарууга укуктуу.
кошулду: Кредиттерди жана зайымдарды тындыруу үчүн, ошондой эле акыркы жылдын ичинде кредиттер жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздары бар болгондо облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин облигацияларды чыгарууга жол берилбейт.
2. Облигацияларды жана дагы башка баалуу кагаздарды чыгаруу … Мыйзамга ылайык директорлор кеңешинин чечими менен жүргүзүлөт.
3. алынып салынды: Облигацияларды кошулду: Облигацияларды, эл аралык облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимде чыгаруунун көлөмү, жайгаштыруунун тартиби, … документардык же документарсыз түрүндө чыгарылышы мүмкүн.
Коом алынып салынды: тарабынан облигацияларды чыгаруу, өздүк капиталдын көлөмүнөн ашпаган суммага гана жол берилет.
Коом облигацияларды тындыруунун бир жолку мөөнөтү менен же белгилүү … облигацияларды чыгара алат.
Облигацияларды тындыруу аларды чыгаруу алынып салынды: жөнүндөгү кошулду: жөнүндө чечимге ылайык акчалай түрүндө же дагы башка мүлк менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
кошулду: Коом тарабынан облигацияларды чыгаруу өздүк капиталдын көлөмүнөн ашпаган суммага гана жол берилет.
Коом облигациялардын ээлеринин каалоосу боюнча аларды мөөнөтүнөн … тийиштүү түрдө бекиткен шарттарда облигацияларды чыгарууга укуктуу.
кошулду: Облигацияларды чыгарууну жүзөгө ашыруучу эмитенттердин өздүк капиталына карата ченемдик талаптар, буга кошуп өздүк каражаттардын жетиштүүлүк коэффициенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Облигацияларды чыгаруу үчүн коом төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө … № 68 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 41, 2025-жылдын 20-июнундагы № алынып салынды: 122 кошулду: 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-27" title="27-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>