11-статья. Коомдун уставы
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 октября 2009 года № 264
1. Коомдун уставы коомдун уюмдаштыруу документи болуп саналат. Уставдын жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Коомдун уставынын талаптарын коомдун бардык органдары менен анын акционерлери аткарууга милдеттүү.
3. Коомдун уставы төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- коомдун толук жана кыскартылган фирмалык аталышын;
- коомдун турган ордун;
- коомдун тибин (ачык же жабык);
- коом жайгаштырган акциялардын санын, категорияларын (жөнөкөй, артыкчылыктуу);
- ар бир категориядагы акция ээлеринин-акционерлердин укуктарын;
- коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн;
- коомду башкаруу органынын түзүмүн жана компетенциясы менен алардын чечим кабыл алуу тартибин;
- акционерлердин жалпы чогулушун даярдоонун жана өткөрүүнүн тартибин.
Коомдун уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн.
4. Коомдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү же коомдун уставын жаңы редакцияда бекитүү акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен ишке ашырылат.
Коомдун уставына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө акционердин жалпы чогулушу тарабынан кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбөөгө тийиш. Коомдун уставында акционерлердин укуктарын начарлаткан жоболор белгиленбөөгө тийиш.
5. Кандай гана жак болбосун коомдун уставы менен таанышууга укуктуу. Коом ага устав менен таанышууга мүмкүндүк берип, анын талабы боюнча коомдун колдонулуп жаткан уставынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү, ага төлөнгөн акы аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш.
(КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 264 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-11" title="11-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>