15-статья. Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелеринин милдеттери
Күчүн жоготкон · 27.04.2017 редакциясы · IV Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63.
Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелери өз иш-аракетиндеги багыты боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык жактан көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканга социалдык жактан колдоо боюнча кызматтардын комплексин, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам бузган анын жеке жана материалдык укуктарын коргоону камсыз кылууга;
- зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын макулдугу менен аны комплекстүү социалдык-медициналык-психикалык кароодон өткөрүүнү камсыз кылууга;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын макулдугу менен үй-бүлөдө жасалган зомбулук, болбосо анын коркунучу жөнүндө ички иштер органдарына жана прокуратурага маалымат берүүгө;
- бузулган укуктарды калыбына келтирүү үчүн ички иштер органына, болбосо сотко кайрылуу үчүн зарыл болгон бардык материалдарды даярдоого.
Берененин тексти 27.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1186/st-15" title="15-статья - Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>