14-статья. Адистештирилген социалдык кызмат
Күчүн жоготкон · 27.04.2017 редакциясы · IV Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63.
Адистештирилген социалдык кызмат үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга менчигинин түрүнө карабастан социалдык жактан колдоону жүзөгө ашыруучу уюм менен мекемелерди өзүнө камтыйт. Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелерине төмөнкүлөр кирет:
- кеңеш берүүчү-профилактикалык борборлор (кризистик борборлор);
- үй-бүлөгө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүү борборлору;
- балдар жана өспүрүмдөр социалдык баш калкалоочу жайлар;
- зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн социалдык мейманканалар (сыйынт жайлар);
- ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген кары-картаңдарды, майыптарды жана балдарды тейлөөчү социалдык борборлор (күндүзү тейлөөчү бөлүмдөр);
- ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башка категориядагы адамдар үчүн социалдык-реабилитациялык борборлор;
- кайрымдуулук ишканалар жана мекемелер (хоспистер).
Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга бардык кызматты же чектелген көлөмүн көрсөтө алат. Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелери юридикалык жак катары милдеттүү түрдө катталууга тийиш жана уюштуруу документтеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иштейт.
Берененин тексти 27.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1186/st-14" title="14-статья - Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>