Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 „Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 июля 2021 года № 78 "О Национальном квалификационном совете"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-07-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 78 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 20-октябры № 684 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Билим берүүдөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жободо:
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттиги Кеңештин катчылыгы болуп эсептелет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Тиркеме
"Тиркеме Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти (макулдашуу боюнча); "Байланыш операторлору ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргыз КНАУФ маркетинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун ресурстук борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); "Легпром" Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); "Союзтекстиль" текстилдик өнөр жай ишканалар союзунун ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); "Коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); "Алдыңкы рестораторлордун жана отельерлердин ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын куруучулар союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун окуу борборунун начальниги (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жай кызматкерлеринин жана геологдорунун ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Био-KG" органикалык кыймылынын ассоциация-федерациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); "Эл аралык ишкер кеңеши" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча); БАУА Бизнес-ассоциацияларынын Улуттук альянсынын катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча).".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №193 токтому менен бекитилген "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" жобоПоложение · 23.03.2012 · № 193
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 78 "Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2021 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2012-жылдын 23-мартындагы №193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 23.03.2012 · № 193 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө"…Постановление · 06.07.2015 · № 452 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 78 "Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2021 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2012-жылдын 23-мартындагы №193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 23.03.2012 · № 193 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө"…Постановление · 06.07.2015 · № 452 · Күчүн жоготкон