Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 22-ноябры № 765 "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С. Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2014-жылдын 18-июлу, № 56) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
1. Ушул Мыйзамдын максаты болуп биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштетүү, сактоо жана пайдалануу тартибин укуктук регламентациялоо саналат.
2. Биометрикалык маалыматтарды чогултуунун, иштетүүнүн, сактоонун жана пайдалануунун максаттары:
1) укук бузуулардын алдын алуу, токтотуу жана жасалган укук бузуулар үчүн жоопкерчилик колдонуу;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, алуу жол-жоболорун жеңилдетүү;
3) инсанды идентификациялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү.".
2) 6-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Биометрикалык маалыматтар базасында камтылган биометрикалык маалыматтарды коргоо ушул Мыйзамга, жеке мүнөздөгү маалыматтар, электрондук башкаруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Биометрикалык маалыматтар базасынан дайындарды, маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын Конституциясында, жеке мүнөздөгү маалыматтар, электрондук башкаруу, мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жүзөгө ашырылат. Субъекттердин биометрикалык маалыматтары жөнүндө маалыматты берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
3) 7-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Биометрикалык маалыматтар жөнүндө маалымат алуу жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамга жана ушул Мыйзамга ылайык биометрикалык маалыматтардын субъектисинин макулдугу болгондо жүзөгө ашырылат.
2. Биометрикалык маалыматтардын субъектисинин макулдугусуз биометрикалык маалыматтар жөнүндө маалыматты алуу сот адилеттиги жүргүзүлгөн жана соттук актыны аткарган учурларда гана, ошондой эле улуттук коопсуздук, терроризмге жана коррупцияга каршы аракеттенүү, ыкчам издөө ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Ушул Мыйзам расмий кол коюлган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 91-VII "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 02.03.2022 · № 91
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 182-VII ""Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 13.04.2022 · № 182-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июну № 284-VII "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 02.06.2022 · № 284
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 136 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон