Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 4-декабры № 784 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С. Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2016-жылдын 21-декабры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11 жана 12-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 47-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагымда Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен бирдикте түзүүчү эл аралык уюмдарга,'' деген сөздөр алып салынсын:
3) 58-беренесинин 3-бөлүгү "комитеттин курамына" деген сөздөрдөн кийин "административдик-башкаруу ыйгарым укугуна ээ болбогон" деген сөздөр менен толукталсын:
4) 61-беренесинде:
3-бөлүгүндөгү "үч мүчөсү" деген сөздөр "беш мүчөсү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "4. Улуттук банктын Төрагасы жана анын орун басарлары административдик-башкаруу ыйгарым укуктарына ээ. Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү административдик-башкаруу ыйгарым укуктарына ээ эмес, алар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ички контролдук системасынын натыйжалуулугун жана жагдайга шайкештигин, иштин ачык-айкындуулугун, талаптардын өз учурунда аткарылышын камсыз кылуу, орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди кыскартуу жана таламдардын кагылышын четтетүү максатында Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйындарына катышуу, башкаруу процессине (анын ичинде адам ресурстары жана эмгек акы) жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырат.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон