14-статья. Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу
Күчүндө · 15.02.2023 редакциясы · 4-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 51
Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу болуп төмөнкүлөр саналат: контролго алынуучу продукцияны экспорттоо, импорттоо, реэкспорттоо боюнча санкцияланбаган тышкы экономикалык бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити жана тиешелүү уруксаты жок кызмат көрсөтүү; контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык операцияны жүзөгө ашырууда мамлекеттик башкаруу органдарына жасалма документтерди же жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүү; ыйгарым укуктуу органдардын жазма буйруктарын аткарбагандык же толук аткарбагандык; экспорттук контроль жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу; экспорттук контролдоо максатында ыйгарым укуктуу органдар сураган маалыматтарды берүүдөн негизсиз баш тартуу, аны атайы бурмалоо же жашыруу; контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдүн эсебин алуунун белгиленген тартибин бузуу; Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин талаптары менен туура келбеген иш-аракеттер менен алектенүү. (КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 161, 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 24 апреля 2019 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об экспортном контроле", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 октября 2011 года № 161 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
24.04.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алынуучу продукцияны экспорттоо, импорттоо, реэкспорттоо боюнча кошулду: санкцияланбаган тышкы экономикалык алынып салынды: санкцияланбаган бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой эле алынып салынды: аны кошулду: анын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу кошулду: транзити жана тиешелүү уруксаты жок алынып салынды: алып өтүү;
кошулду: кызмат көрсөтүү;
контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык операцияны … тышкы экономикалык бүтүмдөрдүн эсебин алуунун белгиленген тартибин алынып салынды: бузуу.
кошулду: бузуу;
Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда … иш-аракеттер менен алектенүү.
(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы алынып салынды: № 161 Мыйзамынын редакциясына кошулду: N 161, 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1154/st-14" title="14-статья - Экспорттук контроль жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>