13-статья. Экспорттук контроль жаатындагы эл аралык кызматташтыктын максаттары жана формалары
Күчүндө · 15.02.2023 редакциясы · 3-Глава
Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгы төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат: массалык кыйратуучу куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын, ошондой эле аларды жасоо боюнча технологияларды жайылтууну алдын алуу боюнча чет мамлекеттер менен аракеттерди шайкеш келтирүү жана өз ара аракеттешип иштөө; эл аралык мамилелердин турукташтыруу жана коопсуз тутумун түзүүгө жардам көрсөтүү; тең укуктуу жана өз ара пайдалуу негизде Кыргыз Республикасынын экономикасын дүйнөлүк экономикага интеграциялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү; контролго алынуучу продукциянын бардык түрлөрү менен эл аралык алмашууларга Кыргыз Республикасынын катышуусун күчөтүү жана тышкы экономикалык иш-аракеттерге катышуучулардын дүйнөлүк рынокко кирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү; экспорттук контролдун эл аралык жана мамлекет ичиндеги механизмдерин өркүндөтүү, экспорттук контроль жаатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу фактыларын, ошондой эле мындай бузууларга жол берген ишканаларды, уюмдарды жана тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучуларын аныктоо. Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жаатындагы эл аралык кызматташтыгы, анын экспорттук контролдун эл аралык режимдерине жана эл аралык форумдарына, ошондой эле чет мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү, консультацияларды өткөрүүгө, маалыматтар менен өз ара алмашууга жана биргелешкен программалар менен эки тараптуу жана көп тараптуу негизде экспорттук контроль жаатындагы башка иш-чараларды ишке ашырууга катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Бир өлкөгө же бир катар өлкөлөргө карата экспорттук контролго байланыштуу эл аралык санкцияларга Кыргыз Республикасынын катышуусу жана ал санкциялардын жүзөгө ашырылышы эл аралык укук ченемдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат. Айрым учурларда мындай санкциялар Кыргыз Республикасы тарабынан бир жактуу кабыл алынышы мүмкүн. Эл аралык санкция жарыяланган учурдан баштап Кыргыз Республикасы тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларына тарткан зыяндарынын ордун толтуруп бербейт.
Берененин тексти 15.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1154/st-13" title="13-статья - Экспорттук контроль жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>