11-статья. Экспортту, импортту, реэкспортту жана транзитти караган тышкы экономикалык операциялар
Күчүндө · 15.02.2023 редакциясы · 2-Глава
Операциялардын экспортуна, импортуна, рекэкспортуна жана транзитине лицензияларды жана уруксаттарды берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Аскердик багыттагы продукцияны экспорттоону, импорттоону жана реэкспорттоону караган тышкы экономикалык операциялар төмөнкү учурларда лицензиясыз жүргүзүлөт:
1) аскердик багыттагы продукцияны эл аралык көргөзмөлөрдө жана көрсөтүүлөрдө (иш-аракетте демонстрациялоодо) демонстрациялоо үчүн жүзөгө ашырылуучу аны ташып келүүдө жана ташып чыгууда Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен номенклатуралар жана көргөзмөнүн экспонаттарынын саны (көрсөтүүдө демонстрациялануучу аскердик багыттагы продукциянын үлгүлөрү) бар болгондо;
2) сыноолорду, машыгууларды өткөрүү үчүн аскердик багыттагы продукцияны ташып келүүдө жана ташып чыгууда;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана укук коргоо органдарынын муктаждыктары үчүн аскердик багыттагы продукцияны ташып келүүдө (коргоонун жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарында);
4) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышууда;
5) белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ишке ашырууда;
6) Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы чет өлкөлүк юридикалык жактар менен түзгөн контракттар боюнча оңдоону, модернизациялоону же алмаштырууну жүзөгө ашыруу үчүн аскердик багыттагы продукцияны ташып чыгууда, андан соң ташып келүүдө.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об экспортном контроле"Редакцияларды салыштыруу
15.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Контролго алынуучу продукция менен болгон тышкы экономикалык операцияларды жүргүзүүгө лицензия берүү
Контролго алынуучу продукциянын экспортун, импортун кошулду: Экспортту, импортту, реэкспортту жана алынып салынды: реэкспортун белгилеген кошулду: транзитти караган тышкы экономикалык операциялар
алынып салынды: милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш.
Бул операцияларды лицензиялоо, анын принциптери кошулду: Операциялардын экспортуна, импортуна, рекэкспортуна жана алынып салынды: тартиби кошулду: транзитине лицензияларды жана уруксаттарды берүү тартибин Кыргыз Республикасынын алынып салынды: мыйзамдарына ылайык кошулду: Министрлер Кабинети аныктайт.
Аскердик багыттагы продукцияны экспорттоону, импорттоону жана реэкспорттоону караган тышкы экономикалык операциялар төмөнкү учурларда лицензиясыз жүргүзүлөт:
1) аскердик багыттагы продукцияны эл аралык көргөзмөлөрдө жана көрсөтүүлөрдө (иш-аракетте демонстрациялоодо) демонстрациялоо үчүн жүзөгө алынып салынды: ашырылат.кошулду: ашырылуучу аны ташып келүүдө жана ташып чыгууда Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен номенклатуралар жана көргөзмөнүн экспонаттарынын саны (көрсөтүүдө демонстрациялануучу аскердик багыттагы продукциянын үлгүлөрү) бар болгондо;
2) сыноолорду, машыгууларды өткөрүү үчүн аскердик багыттагы продукцияны ташып келүүдө жана ташып чыгууда;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана укук коргоо органдарынын муктаждыктары үчүн аскердик багыттагы продукцияны ташып келүүдө (коргоонун жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарында);
4) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышууда;
5) белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ишке ашырууда;
6) Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы чет өлкөлүк юридикалык жактар менен түзгөн контракттар боюнча оңдоону, модернизациялоону же алмаштырууну жүзөгө ашыруу үчүн аскердик багыттагы продукцияны ташып чыгууда, андан соң ташып келүүдө.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1154/st-11" title="11-статья - Экспорттук контроль жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>