10-статья. Контролго алынуучу продукция менен болгон тышкы экономикалык бүтүмдөргө коюлуучу талаптар
Күчүндө · 15.02.2023 редакциясы · 2-Глава
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 25
Төмөнкүлөрдү өткөрүп берүүнү (экспорт, реэкспорт) караган тышкы экономикалык бүтүмдөр:
- кош багыттагы товарларды (продукцияны) чет өлкөлүк жакка өткөрүп берүү түпкү пайдалануучунун сертификаты жана чет өлкөлүк жактын продукция массалык кыйратуучу куралды жана аны жеткирүү каражаттарын түзүү максатында пайдаланылбай тургандыгы жана ыйгарым укуктуу органдын макулдугу болмоюнча реэкспорттолбой же үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилбей тургандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси болгон учурда жүзөгө ашырылууга тийиш;
- аскердик багыттагы товарларды (продукцияны) чет өлкөлүк жакка өткөрүп берүү түпкү пайдалануучунун сертификаты жана продукция экспорттук контроль жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келбеген билдирилген максаттарда гана пайдаланыла тургандыгы жана ыйгарым укуктуу органдын макулдугу болмоюнча реэкспорттолбой же үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилбей тургандыгы жөнүндө чет өлкөлүк жактын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси болгон учурда жүзөгө ашырылууга тийиш.
Эгерде тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларына бул продукция чет мамлекет же чет өлкөлүк жак тарабынан массалык кыйратуучу куралды жана аны жеткирүү каражаттарын түзүү максатында пайдаланыла тургандыгы анык белгилүү болсо, ал эми аскердик багыттагы продукцияларга карата - бул продукция чет мамлекет же чет өлкөлүк жак тарабынан экспорттук контроль жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келбеген билдирилген максаттарда пайдаланыла тургандыгы жөнүндө ишенимдүү маалымат болгон учурда аларга контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү түзүүгө, жасоого тыюу салынат. Эгерде чет мамлекеттер Кыргыз Республикасына берген милдеттенмелерин аткарууну бузса, улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана алардын Кыргыз Республикасындагы эл аралык милдеттенмелерин аткартуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасы өзү кирген эл аралык уюмдардын чечимдерине ылайык тышкы экономикалык иш-аракеттеги контролго алынуучу продукцияга карата ошол чет мамлекеттерге тыюу салууларды жана чектөөлөрдү коюуга, эмбарго салууга чейин барууга болот. (Бөлүк КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык белгиленген контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык иш-аракеттерге тыюу салуулар жана чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен киргизилет. Массалык кыйратуучу куралды жана аны жеткирүү каражаттарын жайылтпоо принциптери менен туура келбеген иш-аракеттерди жасаган айрым чет өлкөлүк жактарга карата контролго алынуучу продукция менен болгон тышкы экономикалык иш-аракеттерге тыюу салуулар жана чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен киргизилет. Республика ичинде субъекттер ортосунда контролго алынуучу продукцияны өткөрүп берүүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тиешелүү уруксат болгондо жол берилет. Республика ичинде субъекттер ортосунда контролго алынуучу продукцияны өткөрүп берүүгө уруксат берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартибине ылайык аныкталат. (КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 51, 2023-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об экспортном контроле"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 апреля 2019 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об экспортном контроле", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 15.02.2023 · № 25
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1154/st-10" title="10-статья - Экспорттук контроль жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>