9-берене. Калдыктарды классификациялоо
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Калдыктар, анын ичинде коммуналдык калдыктар төмөнкүлөргө жараша мындай түрлөргө бөлүнөт:
- келип чыгышына - өндүрүш калдыктарына жана керектөө калдыктарына;
- агрегаттык абалына - катуу калдыктарга жана суюк калдыктарга;
- коркунуч даражасына - кооптуу калдыктарга жана кооптуу эмес калдыктарга;
- аларды пайдалануу мүмкүндүгүнө - экинчи материалдык ресурстарга жана өндүрүштүн жана керектөөнүн башка калдыктарына.
2. Калдыктар кооптуулук класстары боюнча төмөнкүдөй классификацияланат:
- кооптуулуктун биринчи (I) классы - өзгөчө кооптуу;
- кооптуулуктун экинчи (II) классы - өтө кооптуу;
- кооптуулуктун үчүнчү (III) классы - орточо кооптуу;
- кооптуулуктун төртүнчү (IV) классы - аз кооптуу;
- кооптуулуктун бешинчи (V) классы - иш жүзүндө коопсуз.
3. Кыргыз Республикасынын Калдыктар классификаторун (мындан ары - Калдыктар классификатору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112668/st-9" title="9-берене - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>