10-берене. Калдыктардын кооптуулук классын белгилөө
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Калдыктардын кооптуулугунун класстары Калдыктар классификаторунда көрсөтүлөт.
2. Эгерде калдыктардын кооптуулук класстары Калдыктар классификаторунда көрсөтүлбөсө, калдыктардын кооптуулук классы аларды өндүрүүчүлөр тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бардык пайда болгон калдыктар үчүн белгиленет.
Эгерде калдыктарды өндүрүүчү калдыктардын кооптуулук классын белгилөөнү камсыз кылбаса, анда аларды белгилөөнү бул калдыктарга менчик укугу өткөн юридикалык жак же жеке ишкер жүзөгө ашырат.
3. Калдыктардын кооптуулук классын белгилөө калдыктардын айлана-чөйрө, жарандардын ден соолугу, мүлк үчүн кооптуу касиеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Калдыктардын кооптуулук классын белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Калдыктардын кооптуулук классы жөнүндө корутунду калдыктардын кооптуу касиеттерин аныктоонун натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат.
6. Кооптуу калдыктардын кооптуулук классы калдыктардын кооптуу касиеттерин изилдөөнүн натыйжалары боюнча аныкталган кооптуулуктун алда канча жогорку классына жараша белгиленет.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112668/st-10" title="10-берене - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>