4-берене. Калдыктарга менчик укугу жана алар менен болгон бүтүмдөр
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы · 1-глава
1. Калдыктарга менчик укугуна төмөнкүлөр ээ болот:
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана (же) бул калдыктардын пайда болуу булагы болуп саналган мүлктү пайдалануу жөнүндө келишимде башкача каралбаса, калдыктарды чогултуучу атайын бөлүнгөн жерлерде (таштанды урналарында, бактарда, контейнерлерде жана полигондордо), калдыктар пайда болгон учурдан тартып;
- юридикалык же жеке жак, анын ичинде жеке ишкер - калдыктарды ээликтен ажыратуу жөнүндө бүтүмдүн же калдыктарды башка ыкма менен менчикке айландыруу жөнүндө күбөлөндүргөн башка аракеттерди жасоонун негизинде.
2. Калдыктарга менчик укугунан баш тартуу ушул Мыйзамдын жана калдыктар менен иштөө жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын талаптары сакталган шартта жарандык мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
Мында калдыктарга менчик укугунан баш тартуу аларга менчик укугун башка юридикалык же жеке жактар сатып алган учурга чейин калдыктарга карата менчик ээсинин укуктарын жана милдеттерин токтотууга алып келбейт.
3. Кооптуу калдыктарды башка юридикалык же жеке жакка, анын ичинде калдыктар менен иштөөнү жүзөгө ашырып жаткан жеке ишкерге ээликтен ажыратууга аларды кийин иштетүү, көмүү, зыянсыздандыруу, кайра иштетүү максатында гана уруксат берилет.
4. Жер участокторун пайдалануучулар өздөрүнүн аймагында калдыктардын пайда болгондугу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
Өздөрүнүн жер участокторунда санкцияланбаган калдыктарды төгүүчү жерлер табылган учурда жерди пайдалануучулар калдыктар табылган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде алар табылгандыгы жөнүндө айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган калдыктардын айлана-чөйрөгө, жарандардын ден соолугуна, мүлккө зыяндуу таасирин жокко чыгаруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган талаптар аткарылбаган учурда жер участокторун пайдалануучулар калдыктар табылган күндөн тартып калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар тарабынан калдыктардын менчик ээлери деп таанылат.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112668/st-4" title="4-берене - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>