3-берене. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы · 1-глава
Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- кооптуу химиялык заттарды пайдалануунун алдын алуу;
- аз калдыктуу технологиялык процесстерди киргизүүнүн артыкчылыгы;
- калдыктарды чарбалык жүгүртүүгө тартуу үчүн экономикалык өбөлгө түзүү механизмдерин пайдалануу;
- жаратылышты коргоонун жана санитардык мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз түрдө боло тургандыгы;
- калдыктар менен иштөө боюнча чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик экологиялык экспертизаны милдеттүү түрдө жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калдыктар менен иштөө жаатындагы маалыматтарды ээн-эркин алуу;
- калктын кызыкчылыктарын козгогон чечимдерди улуттук кызыкчылыктарды коргоону эске алуу менен кабыл алуу.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112668/st-3" title="3-берене - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>