Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
57-берене. Билим берүү уюмдарынын инфратүзүмү жана материалдык-техникалык базасы
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6
1. Инфратүзүмгө жана материалдык-техникалык базага билим берүү, илимий-изилдөө ишинде пайдаланылуучу имараттар, курулмалар, курулуштар, коммуникациялар, жабдуулар, транспорт каражаттары, ошондой эле башка материалдык жана техникалык активдер кирет.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү ага бекитилген бюджеттик жана атайын каражаттардын чегинде билим берүү уюмунун өзү тарабынан жүзөгө ашырылат. Жабдууну сатып алууга, капиталдык оңдоого чыгымдардын өлчөмү билим берүү уюмунун белгиленген тартипте бекитилген кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасынын чегинде, болгон керектөөлөргө жана финансылык каражаттарга жараша, билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
3. Жеке билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасы уюмдаштыруучунун каражаттарынын эсебинен, өз каражаттарынын жана башка каражаттардын эсебинен билим берүү уюмунун өзү тарабынан өнүгөт жана билим берүү уюмунун менчиги болуп саналат.
4. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын билим берүү башкармалыгынын аймактык органдары ведомстволук билим берүү уюмдарына алардын материалдык-техникалык базасын карап күтүү жана өнүктүрүү маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын окуу, илимий-изилдөө, окуу-өндүрүштүк иште жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка милдеттерди чечүү үчүн пайдаланылуучу материалдык-техникалык базасы бекер ээлик кылууга, пайдаланууга берилбейт жана ажыратылбайт.
Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын ижарага берүүдөн алынган кирешелер билим берүү уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.
Өзгөчө статуска жана система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайынын статусуна ээ болгон кесиптик башталгыч жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары өз каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны камкорчулук кеңеш менен макулдашуу боюнча өз алдынча тескөөгө (ээликтен ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө) укуктуу. (КР 2025-жылдын 14-октябрындагы № 210, 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 октября 2025 года № 210 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере образования"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.
Өзгөчө статуска кошулду: жана система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайынын статусуна ээ болгон кошулду: кесиптик башталгыч жана жогорку алынып салынды: кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары алынып салынды: камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча менчик каражаттардын кошулду: өз каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны кошулду: камкорчулук кеңеш менен макулдашуу боюнча өз алдынча тескөөгө алынып салынды: (ажыратууга, кошулду: (ээликтен ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө) укуктуу.
(КР 2025-жылдын 14-октябрындагы № алынып салынды: 210 Мыйзамынын кошулду: 210, 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-57" title="57-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>