Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
47-берене. Каржылоо булактары
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 октября 2025 года № 210
1. Билим берүүнү каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджет;
2) жергиликтүү бюджет;
3) билим берүү уюмдарынын уюмдаштыруучуларынын каражаттары, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын салымдары;
4) билим берүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин натыйжасында алынган каражаттары;
5) кредиттер жана гранттар;
6) билим берүү уюмдарын өнүктүрүү үчүн кошумча каржылоо булактары катары тартылуучу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) ыктыярдуу каражаттары;
7) кесиптик башталгыч, кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын билим берүү кызматтары үчүн акы төлөө каражаттары;
8) мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан берилүүчү тамак-ашка жана карап кам көрүүгө ата-энелердин каражаттары;
9) билим берүү уюмдарынын өздүк каражаттары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган консультациялык, илимий-изилдөө, басма, окуу-өндүрүштүк жана киреше алып келүүчү башка иштерден, ошондой эле негизги жана кошумча билим берүү программаларынын бардык түрлөрү боюнча бюджеттен тышкаркы билим берүү ишинин, анын ичинде мамлекеттик билим берүү стандарттары койгон талаптардын чегинде келип түшкөн валюта каражаттары;
10) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын алкагында келишимдик мамилелердин негизиндеги юридикалык жана жеке жактардын каражаттары;
11) билим берүү уюмунун өзүнүн окуу жана көмөкчү чарбаларынын эсебинен, анын ичинде ижаранын негизинде алынган каражаттар;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактар.
2. Өзгөчө статусу бар мамлекеттик башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары финансылык ишин Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунан тышкары жүзөгө ашырат.
(КР 2025-жылдын 14-октябрындагы № 210 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 октября 2025 года № 210 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере образования"Редакцияларды салыштыруу
14.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тыюу салынбаган башка булактар.
2. Өзгөчө статусу бар мамлекеттик кошулду: башталгыч жана жогорку кесиптик алынып салынды: жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары финансылык ишин Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунан тышкары жүзөгө ашырат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 14-октябрындагы № 210 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы…Указ · 24.11.2025 · № 327
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ченемдик каржылоо жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2025 · № 743
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693 "Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле…Постановление · 18.11.2024 · № 693
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-47" title="47-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>