Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
44-берене. Педагогикалык кызматкердин укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 13-глава
1. Педагогикалык кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программаларын, окутуунун формаларын жана методдорун, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандоого;
2) инновациялык методдорду жана технологияларды түзүүгө жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык экспериментти өткөрүүгө, алдынкы педагогикалык тажрыйбаны окуу процессине киргизүүгө;
3) билим алуучуларды билим алуудагы бийик жетишкендиктери жана башка ийгиликтери үчүн сыйлоого;
4) жекече педагогикалык иш жүргүзүүгө, репетиторлук тартипте сабактарды жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте тренингдерди өтүүгө;
5) билим берүү уюмун башкарууга катышууга;
6) үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүгө, методикалык колдоого жана насаатчылыкка.
2. Педагогикалык кызматкер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык айкалыштырып иштөө укугунан пайдаланат.
3. Билим алуучунун окуудагы жана башка бийик жетишкендиктери үчүн менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкери билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сыйлыктарына, мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана өзгөчө белгилерге көрсөтүлөт.
4. Педагогикалык кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
1) билим берүү уюмдарында диний, атеисттик үгүттөөнү жүргүзүүгө;
2) билим берүү уюмдарында саясий топторду, партияларды уюштурууга;
3) шовинисттик, улутчул, милитаристтик, сепаратисттик идеологияны жайылтууга;
4) билим алып жаткандарды иш таштоо кыймылына жана саясий акцияларга катышууга тартууга;
5) билим алып жаткандарга карата зордук-зомбулук көрсөтүүгө жана ар кандай түрдөгү басмырлоого.
5. Педагогикалык кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) окутууну жогорку кесипкөйлүк деңгээлде жүргүзүү;
2) инклюзивдик билим берүүнүн принциптерин сактоого, билим берүүнү дифференциялоого жана жекелештирүүгө;
3) ата-энеге, коомдун башка мүчөлөрүнө, Кыргыз Республикасынын маданий-тарыхый баалуулуктарына, мамлекеттик түзүлүшкө урмат көрсөтүү духунда окуу-тарбиялык иштерди жүргүзүүгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого тарбиялоого;
4) жалпы адамзаттык баалуулуктарды: боорукердикти, эмгекчилдикти, гуманизмди, мекенчилдикти, адилеттүүлүктү урматтоого көнүктүрүүгө жана коррупцияга чыдамсыздыкка тарбиялоого;
5) өзүнүн кесиптик билимин жана көндүмдөрүн дайыма өркүндөтүп турууга, өзүнүн квалификациясын жогорулатууга;
6) билим алып жаткандардын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого, өз ишинде гендердик зомбулуктун жана басмырлоонун көрүнүшөн жол бербөөгө, ошондой эле билим алып жаткандардын ортосунда мындай көрүнүштөргө бөгөт коюуга;
7) билим алып жаткандарды өз ара түшүнүшүү, тынчтык, элдердин ортосундагы ынтымак рухунда аң-сезимдүү жашоого даярдоого;
8) билим алуучулардын жекече чыгармачылык шыктарын жана сынчыл ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө.
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз…Постановление · 30.05.2013 · № 302
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 2032-VII ""Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо жана алардын…Постановление · 25.04.2024 · № 2032-VII
- Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 129 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2017 · № 843 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү…Постановление · 21.06.2021 · № 39 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 545 "Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча…Постановление · 22.11.2018 · № 545 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү…Постановление · 04.05.2021 · № 182 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-44" title="44-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>