Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 мая 2024 года № 231 "О порядке финансирования государственных образовательных организаций начального и среднего профессионального образования Министерства образования и науки Кыргызской Республики и организаций высшего профессионального образования Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-05-10.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 21-июну № 39 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча чаралар жөнүндө Орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, мамлекеттик финансылык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 44-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бир студентке эсептегенде бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери (мындан ары - Типтүү ченемдер) 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүүнүн жана аткаруунун тартиби 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү ченемдерге, студенттердин санына ылайык аныкталат жана экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бирдиктүү берене менен бекитиле тургандыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин штаттык санын ченемдик каржылоо шарттарында түзүү студенттердин санына жана ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү ченемдерге ылайык эсептелип бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзүлө тургандыгы;
3) ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү ченемдер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоонун шарттары өзгөргөн учурда кайрадан каралат, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитиле тургандыгы;
4) ченемдик каржылоо шарттарында иштеген, өз алдынча бухгалтериялары жок Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку окуу жайларынын алдындагы орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык-чарбалык ишин өз алдынча жүргүзүүгө же жогорку окуу жайлардын бухгалтериясы тарабынан тейленүүгө укуктуу экендиги;
5) ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүүнүн жана аткаруунун тартиби 2022-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизиле тургандыгы.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ченемдик каржылоого өткөрүлгөн орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине төмөнкү укуктар берилсин:
1) өндүрүштүк зарылчылыкка жараша штаттык расписаниени өз алдынча түзүү, штаттык расписаниеге типтүү штаттарда каралган кызмат орундарынын ордуна жалпы эмгек акы төлөө фондунун чегинде башка зарыл болгон кызмат орундарын киргизүү;
2) уюштуруучулук түзүмдү жана штаттарды оптималдаштыруунун натыйжасында үнөмдөлгөн же бошотулган каражаттарды окуу материалдарын сатып алууга байланышкан чыгымдарды жабууга жумшоо.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) 2021-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү маселелери боюнча окутууну жүргүзсүн;
2) 2021-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө ведомстволук орто кесиптик билим берүү уюмдары менен бирдикте адистиктер жана окутуу мөөнөттөрү боюнча студенттердин контингентинин маалыматтык-статистикалык базасын даярдасын;
3) 2021-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик финансылык ресурстарды пайдалануунун оптималдуулугун камсыздоо жана аларды бир студентке эсептегенде бюджеттик каржылоонун Типтүү ченемдери боюнча чыгымдарга ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын иштөөсүнүн, уюштуруучулук түзүмүнүн, персоналынын штаттык санынын жана чыгымдарынын натыйжалуулугуна баалоо жүргүзсүн;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги 2021-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдарын 2022-жылы экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бирдиктүү берене менен республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-июнундагы № 73-74 (3252-3253) жарыяланды
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага
У.А. Марипов
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бир студентке эсептегенде бюджеттик каржылоонун ТИПТҮҮ ЧЕНЕМДЕРИ (сом)
№
Адистиктердин аталышы
Адистиктердин коду
Билим берүү процессине чыгымдар
анын ичинде:
Билим берүү чөйрөсүнө чыгымдар
анын ичинде:
Жылына бир студентке эсептелген бюджеттик каржылоонун ченемдери,
Социалдык фондго чегерүүлөрдү кошуу менен эмгек акы төлөө
окутууда чыгымдалуучу материалдар
квалификацияны жогорулатууга чыгымдар
стипендияны төлөөгө чыгымдар
коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдар (анын ичинде байланыш)
учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдар
1
Билим берүү жана педагогика илимдери
50000
37975
31917
2740
598
2720
2617
2273
344
40592
2
Музыкалык билим берүү
50601
79300
75092
890
598
2720
2617
2273
344
81917
3
Искусствонун көркөм сүрөт жана колдонмо түрлөрү
70000
94460
87437
5090
598
1335
2617
2273
344
97077
4
Тармактар боюнча дизайн
70602
39120
31917
5270
598
1335
2617
2273
344
41737
5
Экономика жана башкаруу
80000
30000
26597
1470
598
1335
2617
2273
344
32617
6
Тейлөө, туризм жана маалымат коопсуздугу
100000
35787
31784
2070
598
1335
2617
2273
344
38404
7
Айыл чарбасы жана айыл чарба илимдери
110000
36150
31917
2300
598
1335
2617
2273
344
38767
8
Геодезия жана жерге жайгаштыруу
120000
36020
31917
2170
598
1335
2617
2273
344
38637
9
Геология, чалгындоо жана пайдалуу казылмаларды иштетүү
130000
36880
31917
3030
598
1335
2617
2273
344
39497
10
Электр жана жылуулук энергетикасы
140000
35130
31917
1280
598
1335
2617
2273
344
37747
11
Машина куруу жана материалдардын технологиясы
150000
36640
31917
2790
598
1335
2617
2273
344
39257
12
Техника жана жер транспортунун технологиялары
190000
36090
31917
2240
598
1335
2617
2273
344
38707
13
Автоматика жана башкаруу
220000
36980
31917
3130
598
1335
2617
2273
344
39597
14
Информатика жана эсептөө техникасы
230000
31060
26597
2530
598
1335
2617
2273
344
33677
15
Токой ресурстарын кайра өндүрүү жана кайра иштетүү
250000
35820
31917
1970
598
1335
2617
2273
344
38437
16
Өндүрүштүк экология жана биотехнологиялар
260000
36570
31917
2720
598
1335
2617
2273
344
39187
17
Архитектура жана курулуш
270000
36970
31917
3120
598
1335
2617
2273
344
39587
18
Техносфералык коопсуздук жана жаратылышты абаттоо
280000
36490
31917
2640
598
1335
2617
2273
344
39107
Эскертүү:
1) Бардык адистиктер боюнча билим берүү чөйрөсүнө каражаттарга муктаждыкты эсептөөдө чыгымдар мамлекеттик колледждердин имараттарын жылытуунун түрлөрү боюнча колдонулат, анын ичинде:
- электрдик жылытуу - 3144 сом;
- борбордук жылытуу - 2894 сом;
- аралаш жылытуу - 2414 сом;
- меш менен жылытуу - 1664 сом.
2) Жетим балдардын ичинен студенттердин тамактануусуна чыгымдар бюджеттик каржылоонун ченемдерине кирбейт жана иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча аныкталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим…Постановление · 10.05.2024 · № 231
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо…Методика · 21.06.2021 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүүнүн жана…Порядок · 21.06.2021 · № 39 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим…Постановление · 10.05.2024 · № 231
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон