19-берене. Билим берүү уюмдарынын типтери
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 5-глава
1. Билим берүү уюмдары ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларына ылайык типтерге бөлүнөт.
2. Билим берүү уюмдарынын типтери:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмдары;
2) башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү уюмдары (жалпы билим берүүчү мектеп);
3) кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары;
4) кесиптик орто билим берүү уюмдары;
5) кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдары;
6) маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдары (балдардын көркөм мектептери, балдардын музыкалык мектептери жана искусство мектептери);
7) балдарга жана эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү уюмдары;
8) кесиптик кошумча билим берүү уюмдары.
3. Билим берүү уюмдарынын типтери түрлөргө бөлүнөт. Билим берүү уюмдарынын түрлөрү жана алардын негизги критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат жана бекитилет.
4. Мамлекеттер аралык билим берүү уюмдарынын түрү жана статусу өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык аныкталат.
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун типтүү уставы (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна)Типовой Устав · 08.05.2024 · № 220
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2025 · № 257
- Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын түрлөрү жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна)Положение · 08.05.2024 · № 220
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августунун № 519 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 27.08.2024 · № 519
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2025 · № 329
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 "Кесиптик башталгыч…Постановление · 28.08.2026 · № 591
- Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-июнунун № 30/VIII-29 "Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 7/III “Бирдик айылындагы жалпы билим берүү орто…Постановление · 27.06.2025 · № 30/VIII-29
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-19" title="19-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>