19-берене
Күчүн жоготкон · 21.04.2026 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52.
1. Мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери, парламенттик фракциялары жана депутаттык топтору;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы;
5) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү;
7) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
8) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
9) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
11) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өгкөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
12) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;
13) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
14) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
15) Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери.
2. "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөр жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан демилгеленет.
3. Соттуулугу жоюлбаган адамдарды мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга же мамлекеттик сый акыларга сунуштоого жол берилбейт.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112662/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>