Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене
Күчүн жоготкон · 21.04.2026 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52.
1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктары ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарга ыйгарылат:
1) мамлекеттик тилди сактоого жана өнүктүрүүгө, статусун жогорулатууга өбөлгө түзүүчү көрүнүктүү илимий эмгектери (илимдин бардык багыттары боюнча) үчүн - Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлык;
2) ата мекендик илимди олуттуу байыткан жана табигый, техникалык, коомдук жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүүгө, кыргыз илиминин жана техникасынын дүйнөдөгү алдыңкы жетишкендиктердин деңгээлине чыгуусуна олуттуу салым кошкон илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары үчүн;
3) экономиканы жана социалдык чөйрөнү инновациялык өнүктүрүүнү, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөнү камсыз кылуучу жаңы техниканын жана прогрессивдүү технологиялардын үлгүлөрүн иштеп чыккандыгы үчүн;
4) мамлекеттик сырга таандык болгон маалыматтарды камтыган, экономиканын ар түрдүү тармактарында принциптүү жаңы буюмдарды, технологиялык процесстерди иштеп чыккандыгы жана түзгөндүгү үчүн.
2. Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байыткан, эстетикалык жана тарбиялык чоң таасирге ээ болгон жана коомго кеңири таанылган адабият жана искусство (поэзия, проза, драматургия, музыка, кино, архитектура жана скульптура, театр жана көркөм сүрөт искусствосу, радио жана телечыгармалар) жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарга ыйгарылат.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттарына акчалай сыйлык жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.
Төш белги көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын ардак наамы же Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы болсо, алардын белгисинен кийин тагылат.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112662/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>