8-берене. Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары
Күчүндө · 08.08.2023 редакциясы · 2-глава
Министрлер Кабинети:
1) бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат;
2) Кыргыз Республикасында бирдиктүү мамлекеттик тышкы соода саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат жана аны ишке ашыруу боюнча чараларды жүзөгө ашырат, тиешелүү чечимдерди кабыл алат жана алардын аткарылышын камсыз кылат;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча чараларды көрөт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ташып чыгуу бажы алымдарынын ставкаларын белгилейт;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык экспортко жана импортко сандык чектөөлөрдү киргизет;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда мамлекеттин коопсуздугуна, жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна, жеке же юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө, курчап турган чөйрөгө, өсүмдүктөргө, жаныбарлардын өмүрүнө же ден соолугуна терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана (же) импортуна уруксат берүү тартибин белгилейт, ошондой эле мындай тартип колдонула турган товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмегин аныктайт;
7) өзүнүн компетенциясынын чегинде тышкы соода иши чөйрөсүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
8) ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын жана функцияларын аныктайт;
9) Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларында ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 ноября 2023 года № 605 "Об утверждении Положения о порядке подтверждения целевого назначения товаров, ввозимых на…Постановление · 15.11.2023 · № 605
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын аймагына эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тышкы соода ишинин…Постановление · 21.01.2026 · № 18
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 595 "Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга ташып…Постановление · 15.11.2023 · № 595
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112653/st-8" title="8-берене - Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>