4-берене. Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополиянын жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун милдеттери
Күчүндө · 31.12.2025 редакциясы · 1-глава
Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополиянын жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын экономикалык кызыкчылыктарын, өмүрүн жана ден соолугун сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо;
- этил спиртин контрабандалык ташып келүүгө жана контрафакттык продукцияларды өндүрүү үчүн пайдаланууга тыюу салуу;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны мыйзамсыз өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жокко чыгаруучу шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана ташылып келүүчү этил спиртинин, алкоголдук жана спирт камтылган продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу;
- алкоголдук жана спирт камтылган продукциянын рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Берененин тексти 31.12.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112645/st-4" title="4-берене - Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>