1-берене
Күчүндө · 07.07.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 71-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алганда материалдык зыяндын ордун толтуруу катары сот тарабынан төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:
1) өзүм билемдик менен ээлеп алынган жер участогун кайтарып берүүнү камсыз кылуу жана өзүм билемдик менен ээлеп алуунун кесепеттерин жоюу боюнча;
2) жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн жараксыз абалга келтирүүнүн кесепеттерин жоюу боюнча.";
2) 212-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) 3-бөлүктүн 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
г) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алууну жана максаттуу багытын бузуу менен жерлерге өзүм билемдик менен курулуш жүргүзүүнү уюштуруу же жетектөө - он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2121 жана 2122-беренелер менен толукталсын:
"2121-берене. Жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө
1. Кызмат адамы, жердин ээси тарабынан жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөсө, -
300дөн 700 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Алдын ала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосун -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде кылмыш жасаган адам өзүм билемдик менен ээлеп алынган жер участогун кайтарып берүүнү камсыз кылса жана анын кесепеттерин жойсо, жоопкерчиликтен бошотулууга тийиш.
Берененин тексти 07.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112615/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>