1-берене
Күчүндө · 26.06.2023 редакциясы
"Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 28-декабры, № 155) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзам маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу электрондук соода чөйрөсүндөгү жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, электрондук соодадагы иштин укуктук негизин белгилейт.";
2) 3-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 8-пунктта "экономикалык" деген сөз "ишкердик" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 16-пунктта "сунушталуучу жана ишке ашырылуучу" деген сөздөр "аткарылуучу жана көрсөтүлүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
а) "а" жана "б" пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"а) сатуучунун толук аталышын;
б) мамлекеттик жана (же) салыктык каттоо жөнүндө маалыматтарын, юридикалык жана иш жүзүндөгү даректерин, байланышуу маалыматтарын (электрондук дарегин, телефон номерин);";
б) "г" пунктчасында "мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды жана" деген сөздөр алып салынсын;
4) 20-беренеде "жоруктар жөнүндө жана бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 26.06.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Электрондук соода жөнүндөЗакон · 22.12.2021 · № 154
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112613/st-1" title="1-берене - Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>