Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Электрондук соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 26-июну № 128 "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 28-декабры, № 155) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзам маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу электрондук соода чөйрөсүндөгү жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, электрондук соодадагы иштин укуктук негизин белгилейт.";
2) 3-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 8-пунктта "экономикалык" деген сөз "ишкердик" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 16-пунктта "сунушталуучу жана ишке ашырылуучу" деген сөздөр "аткарылуучу жана көрсөтүлүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
а) "а" жана "б" пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"а) сатуучунун толук аталышын;
б) мамлекеттик жана (же) салыктык каттоо жөнүндө маалыматтарын, юридикалык жана иш жүзүндөгү даректерин, байланышуу маалыматтарын (электрондук дарегин, телефон номерин);";
б) "г" пунктчасында "мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды жана" деген сөздөр алып салынсын;
4) 20-беренеде "жоруктар жөнүндө жана бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 52 (3501) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 24-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Электрондук соода жөнүндөЗакон · 22.12.2021 · № 154
Шилтеме берет (1)
- Электрондук соода жөнүндөЗакон · 22.12.2021 · № 154