5-берене. Териштирүү жүргүзүүдө жана атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чараларды киргизүүдө, колдонууда, кайра кароодо, алып салууда ыйгарым укуктуу органдын өз ара аракеттенүүсү
Күчүндө · 03.07.2023 редакциясы · 1-глава
1. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар маселелери боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган менен өз ара аракеттенет.
2. Ыйгарым укуктуу орган териштирүү жүргүзүүчү органга атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонууга чейинки териштирүүлөрдү демилгелөө боюнча сунуштарды киргизет.
3. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт.
4. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чаралар боюнча маселелерди түзөт жана Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат.
5. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чаралар маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат.
6. Ыйгарым укуктуу орган башка өлкөлөрдүн расмий органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.
7. Ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода иш чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112612/st-5" title="5-берене - Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>