4-берене. Атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу максатындагы териштирүү
Күчүндө · 03.07.2023 редакциясы · 1-глава
1. Товарды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүүнүн алдында ушул Мыйзамдын ченемдерине жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлүүчү териштирүү болууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн териштирүү Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттун өсүүсүн жана ушуну менен шартталган экономика тармагына олуттуу зыяндын келүүсүн же келтирүү коркунучун аныктоо, ошондой эле демпингдик же субсидиялануучу импорттун болушун жана ушуну менен шартталган экономика тармагына материалдык зыяндын келүүсүн же келтирүү коркунучун аныктоо максатында жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды, кайталап териштирүүлөрдү киргизүүнүн алдындагы териштирүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана эрежелери, териштирүү жүргүзүүчү органдын иш тартиби, өскөн демпингдик жана субсидиялануучу импорттун таасирине талдоо жүргүзүүнүн, консультацияларды өткөрүүнүн жана билдирүүлөрдүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112612/st-4" title="4-берене - Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>